Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

ПАРТИЯ МАГА ЭМНЕ БЕРЕТ?


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Ишембиде Бишкекте өткөн “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын 10-курултайына 1 күн калганда, тагыраак айтканда, 4-июлда партиянын 130 мүчөсүнүн атынан маалымат жыйыны өткөн. Жыйынга келген өкүлдөр партиядан чыгышаарын, партия жетекчилигине нааразы экендиктерин айтышкан. Ага удаалаш Кыргыз Драма театрында өткөн партиянын 10-курултайында болсо ички уюштуруу иштери менен катар Коомдук коррупцияга каршы комиссия түзүү талкууланды. Байкоочулардын баамында, партия курултайында бийликке карата сын айтылбагандыгы, “президентти колдойбуз” деген сөздөр байма-бай кайталангандыгы анын “Ак Жол” партиясына санаалаш экендигинен кабар берет.

“Жаңы Кыргызстан” партиясы алгач “Агрардык эмгек” партиясы деп аталып 10 жылдан ашуун саясий бирикмелердин сабында саналып келатат. Өз кезинде өлкө президенти Курманбек Бакиев бул партиянын мүчөсү катары №5 билеттин ээси болгон. “Жаңы Кыргызстандын” лидери Үсөн Сыдыковдун айтуусунда, учурда 150 миңдей мүчөсү бар партия калктын калың катмарын камтыйт:

“Партиянын мүчөлөрү эмне үчун активдүү деген суроо болушу мүмкүн. Бизде баягыдай чиновниктер жок. Бардыгы тең элдин ичиндеги, элдин көйгөйүн айта тургандар. Мынакей өзүңөр угасыңар, бардыгы тең элдин мамлекетте болуп жаткан иштерге көз караштары боюнча сүйлөй турган кишилер”

Ошондой эле Мамлекеттик катчы Нур Досбол уулу, коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков баш болгон бир топ аткаминерлер дагы “Жаңы Кыргызстандын” мүчөсү экендигин эске сала кетели.

"Жаңы Кыргызстан” партиясынын алдында Коомдук коррупцияга каршы комиссия түзүлөөрүн партия төрагасы Үсөн Сыдыков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү партиянын негизги ураандарынын бири жана комиссия тарабынан кандайдыр бир коррупциялык иш-аракеттер аныкталчу болсо дароо тиешелүү тараптарга, өлкөнүн жогорку бийликтерине чейин билдирилип, ага тийешелүү чара көрүү талабы коюлат.

4-июлда партиянын айрым өкүлдөрү “Акипресс” маалымат үйүндө өткөн жыйында “Жаңы Кыргызстандан” чыгышаары тууралуу 130 мүчөсүнүн атынан билдирүү жасашкан. Партия мүчөсү Нуржамал Дүйшөналиева: “2005-жылдагы Бишкектин тегерегинде жер басып алуу учурунда “Жаңы Кыргызстандын” төрагасы Өмүртөрө Жаңкабылов партияга кирүүгө үгүттөп, партия жер алууга жардам берээрин убада кылган. Андан кийин жер алчулардан 497 киши мүчөлүккө өткөнбүз. Бирок алардын ичинен 130уна жер тийбей калган. Бул маселени териштирүүдө партия эч жардам бере алган жок. Бизге мындай партиянын кереги жок” деген оюн билдирген.

Партиянын аткаруу кенешинин төрагасы Өмүртөрө Жаңкабылов бул маалымат жыйыны курултайды утурлап атайы жасалган чагым болду жана мындай иштин артында ким тургандыгын жакшы билем деди “Азаттыкка”:

“Биздин партиянын атын жамынып ушундай жер маселесин көтөрүү модага айланып калды. Себеби биздин партиянын жетекчилери Акүйдө отургандыгына байланыштуу сыяктуу себептерден кылып алышты (айрым адамдар)”

Кыргызстандагы саясий партиялар менен алектенген айрым изилдөөчүлөр “Жаңы Кыргызстан” партиясы келечекте өлкөнүн саясий майданынан чыгып калышы ыктымал, буга партиянын так программасынын жоктугу, лидерлердин башка уюмдарга өтүп кетиши – башкы себеп деп жоромолдошууда. Бул партия президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы менен биригет деген божомолдор да бар.

“Жаңы Кыргызстандын” негиздөөчүлөрүнүн жана жетекчилеринин бири Үсөн Сыдыков болсо мындай көз карашка каршы:

“Биз өзүбүздүн багытты президент менен аныктадык. Бүгүнкү президенттин жүргүзүп жаткан саясатын биздин партия колдойт, багытыбыз бир. Өзүңөр билесиңер ”Ак жолдун” съездинде Курманбек Салиевич дагы айтты - “Жаңы Кыргызстан“ саясий партиясы менен биз үзөңгүлөш", деп. Биз үзөңгүлөш иштейбиз”

Кандай болсо да, бул партия жергиликтүү серепчилердин оюнча, парламентке кирбей калган менен “бийликчил” партия катары сыпатталууда.

Көз карандысыз эксперт Орозбек Молдалиев аталган партия азыркы бийлик үчүн өз кезегинде көп эмгек сиңирген:

“Айта кете турган нерсе азыркы бийликтегилердин бийликке келишине “Жаңы Кыргызстандын” салымы чоң, ининциативасы дагы чоң. Көп саясий ар кандай күчтөрдү, агымдарды, бөтөнчө региондорду бириктирип бир лидер менен чыгалы деген демилге ушул партияда болчу. Партиянын бийликке алып келүү жагынан технологиялары, иштелген механимдери бар”, деген серепчи “Жаңы Кыргызстан” партиясы саясий күч катары жалпы өлкөдө эмес аймактарда салмак-таасири күчтүү экендигин белгиледи.

Курултайда Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин акыбалы, “Де Факто” гезитине каршы соңку чабуулдар, атуулдардын жыйын өткөрүү эркиндигине кедерги болгон мыйзам долбоору сыяктуу маселелер козголбогондугу да узун сабак сөзгө жем таштоодо.

XS
SM
MD
LG