Вашингтондун Ортолук Европага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планына Россия мурдакыдай эле каршы турганын эки өлкө лидерлеринин Японияда өткөн жолугушуусу кайра көрсөттү. Мындай карама- каршылыкка карабай, Москва менен Вашингтон арасындагы байланыш бекем экенин президент Медведев кездешүүдөн кийинки маалымат жыйынында билдирди. АКШ президентин ысмынан атаган Медведев Россия Буштан соңку Ак Үй администрациясы менен болчу алкага чоң маани бергенин белгилей кетти:
- Менин оюмча, баары жакшы болот. Өз ара байланыш өнүгө берет. Биз, кандай болгондо да, жакында бийликке келчү (АКШнын) жаңы администрациясы менен да мамиле кура турганыбызды Жоржко айттым.
Медведев сөзүндө Россия, өзгөчө, АКШнын Ортолук Европага ракетадан коргонуу систамсын жайгаштыруу планына каршы экенин эскертти:
- Ортодо алга жылбай токтоп калган маселелер да бар. Мисалы, Европага байланыштуу айрым проблемалар, ракетадан коргонуу маселеси жана башкалар.
Кошмо Штаттар Чехияда антиракеталык радардык станцияны куруу келишимине ушул аптада кол койот. Польшада ракета кармоочу системаны орнотуу боюнча польшалык- америкалык сүйлөшүүлөр уланууда.
АКШнын түшүндүрүшүнчө, ракетадан коргонуу системасы Иран сыяктуу «кейбир өлкөлөрдүн» капылет чабуулунан сактануу үчүн зарыл. Москва антиракеталык система Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп, жооп катары ядролук ракеталары Чехия жана Польшаны бутага аларын эскерткен.
Жорж Буштун билдиришинче, эки арадагы келишпестиктерге карабастан, Вашингтон жана Москва Иранды атомдук программасынан баш тарттырууда чогуу аракеттене берет:
- Россия жана Кошмо Штаттар түрдүү проблемалар боюнча, анын ичинде Иран маселесинде буга дейре жакындан ишкешкен жана режим уранды байытуудан баш тарттуус үчүн чогуу иштеше бермекчи.
Президент Буш маалымат жыйынында Медведевге «smart guy»- «акылдуу жигит» деген баасын берди. Ал жети жыл мурда Россиянын ал кездеги президентине адеп жолуккандан кийин, Владимир Путиндин көзүнөн анын жүрөгүн көргөнүн, ошон үчүн ага ишенсе болорун айткан эле.