Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

НИКОЛАЙ ИВАНОВИЧ МЕНЕН ДАНИЯР ТОКТОГУЛОВИЧ ЭМНЕГЕ ЧАТАКТАШТЫ?


Бишкек шаар башчысы болуп турган чакта Д.Үсөнов парламенттин социалдык маселелерди козгогон “тегерек үстөл” жыйынына келбей койгондугун маалымдап, ага каршы чара көрүү өтүнүчү менен парламенттин комитет жетекчиси Н.Байло президент К.Бакиевге кат жолдогон. Ал өтүнүчкө жооп боло электе Д.Үсөнов кызмат которуп Кыргызстандын Өнүгүү корунун башкармалыгынын төрагасына дайындалды.

Айтса, социалдык маселелер көбөйгөндөн көбөйүп баратканын ырастаган 30-июндагы парламенттик “тегерек үстөл” жыйынынан аз өтпөй 2-июлда Бишкек шаар башчысы Данияр Үсөнов журналисттерди чогултуп депутат коммунист Н.Байло тууралуу биртоп сөздөр айткан. 100 миң сом акчасын төлөп берип жатса коммунист депутат эки айлык отпускасын жакшылап өткөрө бербейби кыязында жооп узаткан.

- Башка жарандардан депутаттардын айырмасы - алар эс алышка милдеттүү. Алар жыйын өткөрө алышпайт. Ал эми депутат Н.Байлого Конституцияны, Жогорку Кеңеш регламентин жакшылап окуп чыгууну, өз ишин мыйзам тартибине ылайык уюштуруусун каалап кетким келет.

Данияр Үсөнов парламент депутаты аткаруу бийлик өкүлдөрүнө суроо-талап менен кайрылуyга акысы бардыгын эскертип, бирок да чакырган жыйындардын баарына эле катышууга убакты-саатынын жоктугун билдирген.

- Ал эми чечим кабыл албаган “тегерек үстөл” сындуу жалаң сөздөн башка пайдасы аз жыйындарга катышуу зарылдыгын чынымы айтсам мен көрө албай турам. Коммунист депутат Н.Байло айтып жаткан социалдык коргоо жөнүндө айтсам ал өзү мурунку аким катары жакшы билет болуш керек, бул тема шаар бийлигинин иш-аракетинин негизги багытын түзөт.

Д.Үсөновдун мындай билдирүүсүнө жооп кылып депутат Николай Байло шаар башчы “тегерек үстөл” жыйынында козголчу проблемалардан чочулаганынан, анан да президент К.Бакиевдин мындан эки жыл илгери кабыл алган жарлыгын тоотпой койгондуктан келбей койгонун 7-июлда журналисттер алдында жарыя кылды.

- Президенттин жарлыгы Бишкек шаар башчысына жарлык эмес. Ал өтөле бийиктеги аткаминер.

Н.Байло Д.Үсөнов жарым жылдан бери социалдык маселелер боюнча бир да кишини кабыл албаганын ачыкка чыгарды.

- Мэрия жеке менчик дүкөн эмес. Мэр мыйзамга баш ийчү мамлекеттик чиновник гана.

Антип жыйынга келбей койгон шаар башчысына чара көрүүнү өтүнүп Н.Байло президент К.Бакиевге кат жолдогон. Ошол кат себеп болдубу же башка бир жагдайлар түрткү бердиби, иши кылып президент К.Бакиев Д.Үсөновду кызматтан алып, анын ордуна шаар башчылык милдетин аткарууну буга чейин Кыргызстан темир жолун жетектеп келген Нариман Түлеевге жүктөгөн жарлыгын чыгарды.

Ошону менен Н.Байло козголоп жаткан маселеге чекит коюлуп, бирок мамлекеттик кызматкердин этикасы, керектүү жыйынга катышар-катышпасы жөнүндөгү маселе калып калды. “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеровдун пикиринде мамлекеттик кызматкер керектүү жыйындарга катышуусу зарыл.

- Мэрдин катышуусу сөзсүз зарыл болсо ага Д.Үсөнов болобу, башкасы болобу сөзсүз катышуyсу керек.

Ал эми “Арнамыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев аткаминерлердин жекече пенделик мамиле-катышы мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келбеши керек, дейт.

- Экөөнүкү тең туура эмес. Биринчиден, чакыргандан кийин Д.Үсөнов айтыш керек эле, “менин колум бошобойт” тигиндей-мындай дебей. Ал болсо өзүнчө туруп алып, “сен ким элең, сенин чакырганың менен чатагым жок” дебей, же болбосо “мен чакырганда келбеген сен ким элең” деп Н.Байло да туруп албашы керек эле. Экөөнүн позициясы тең туура эмес болуп жатат.

Байкоочулардын биртобу Д.Үсөновдун кызмат тепкичи мурдагысынан кыйла төмөндөгөнүн айтышууда. Жаңы бийлик тушунда өкмөт башчынын биринчи орунбасарына чейинки кызматты аркалаган мурунку шаар башчысынын артынан биртоп каржылык чатактар ээрчий келатканы да жашыруун эмес.

XS
SM
MD
LG