Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

ЖИКЧИЛ АБХАЗИЯ ГРУЗИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ТОКТОТТУ


Амирбек Усманов, Прага Абхазияда жекшемби күнү болгон беш жардырууларда төрт адамдын өмүрү кыйылды. Тбилисинин амирин таануудан баш тарткан абхаз жетекчилиги жардыруулар үчүн Грузияны күнөөлөдү жана өлкө менен бардык байланышты токтотконун жарыя кылды. Ырасмий Тбилиси жардырууларга эч кандай тиешеси жок экенин айтып, Абхаз тараптын айыптоолорун «негизсиз сөз» деп, четке какты.

Москвачыл Абхазия өкмөтү жекшемби күнкү жардырууларга байланыштуу Грузия менен болгон бардык карым- катнашты токтотту. Курч кырдаал өкмөттүн дүйшөмбү күнү Сухумиде өткөн кезексиз жыйында талкууланды. Абхазия президенти Сергей Багапш жекшемби күнү Гали шаарында болгон жардырууну мурдараак Гагра жана Сухумини коогага салган жардырууларга байланыштырып, ырасмий Тбилисини «терроризм саясатын жүргүзүүдө» деп күнөөлөдү.

Багапштын Гали шаарындагы өкүлү Руслан Кишмария Грузия сыналгысына берген интервьюда дем алыш күнү Абхазияда болгон жардырууларды ырасмий Тбилиси уюштурган диверция деп сыпаттады:

- Бул кылдат пландалып, ишке ашырылган диверция экенинен шек жок. Муну Грузиянын коопсуздук күчтөрү уюштурганы талашсыз.

Грузиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Уташвили ырасмий Сухуминин айыптоолорун куру доомат деп, четке какты.

Абхаз жетекчилиги узактан бери жикчил аймактагы зобун- зордуктар үчүн грузин бийликтерин күнөөлөп келет. Грузия тарап, өз кезегинде, жардырууларды- абхаз жикчилери менен Россиянын кутуму деп атады. Ал эми Тбилиси колдогон сүргүндөгү Абхаз өкмөтүнүн башчысы Малхаз Акишбая зобун окуяларлды- Багапш башындагы кылмыштуу бийликтин башкаруусунун натыйжасы деп санайт:

- Абхазиядагы кырдаал күн сайын осолдоодо. Бул кылмыш топторунун эркин башкаруусунун, узактан берки адам укуктарын буузуулардын, баш аламандык менен жоопкерчиликсиз өкүм сүргөн чөйрөдөгү жашоонун натыйжасы.

Абхазия 1991- жылдан бери Грузиянын башкаруусун тааныбайт жана өзүн эгемен республика деп жарыялаган. Жикчил республикага Россия финансылык жактан жардам берип турат. Абхазияда россиялык тынчтык күчтөрү да жайгаштырылган.

Аймактагы кырдаал бир нече ай илгери Грузия НАТОго өтүүгө далалат кыла баштагандан тарта курчуй баштаган.

XS
SM
MD
LG