Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

АБАКТАГЫ ОЛИГАРХ ХОДОРКОВСКИЙГЕ ЖАҢЫ КҮНӨӨ ТАГЫЛУУДА


Муса Мураталиев, Москва Михаил Ходорковскийдин адвокаттары ачкан сайтта ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчисине жаңы күнөө тагуу болуп атканы айтылат. Ал туурасында Ходорковскийдин өзү «акылга сыйбаган нерсе» деген. Мындай көрүнүштү адвокаттар, көзкарандысыз сот системасынын калыпка түшүү кезинде, укук коргоо органдары ишкердигинин мүчүлүш жерлери ачылып калбасын деп кошумча кылмыш ишин козгоодо дешкен. Жаңы иликтөөдө Ходорковский менен «Менатеп» компаниясынын мурдагы жетекчиси Платон Лебедев 350 миллион тонна карамай уурдашкан, 500 миллиардга чукул рубль, ошондой эле 7,5 миллиард долларды өздөрүнүкү кылып алышкан деп айтылууда. Жаңы айыпты «куру жалаа» деп Лебедев да мойнуна алган эмес. Ходорковский менен Лебедев 2011-жылга дейре кесилип, азыркы тушта Читада түрмөдө олтурушат.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын алдындагы иликтөө комитетинин ырасмий өкүлү Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин үстүнөн жаңы кылмыш иши козголду деп ушул айдын жакасында айтып чыкты. Абакта олтурушкан эки байдын адвокаттарынын айтымында, алар коргоого алышкан атуулдар үстүнөн сот өкүмү чыгып, иши небак иликтелип бүткөн. Эмики тагылып аткан айыптар мурдагы эле жалааны дагы бир жолу козгоо болуп атат.

Жаңы иликтөө баштагандар тагып аткан айып боюнча алар ЮКОС компаниясынын алты жылдык ишкердигинде, жерден саап алынган өлчөмдөгү карамайды кымтып калшыкан. Ошондуктан анча көлөмдөгү нефтини жашырып жаап, катып алуу дегелде мүмкүн эмес экендигин бетке кармашууда.

Орус байларынын адвокаттары жазганга краганда жаңы кылмыш ишин козгоо азыр абакта олтурган Ходорковскийдин туулган күнүндө, 26-июнда башталган. Баса, олигарх быйыл 45 жашка толду. Ошол себепчи болуп апасы Марина Ходорковская уулу менен жолугушууга мүмкүндүк алган. Кийин «Твой день» басылмасынын бетинде Ходорковская айтканга караганда:

- Миша кайраттуу жан эле. Сурак учурунда да мөңкүрөгөн эмес. Азыр жүзүнөн кандайдыр бир чочулоо сезилип калыптыр. Балам, олтурган камерада бир жамандык болуп кетпесин деп коркуп келдим.

Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев 2005-жылы салык төкпөй жүрүптүр деген айып менен ар бири 9 жыл мөөнөткө кесилишкен. Кийин ал 8 жылга түшүрүлгөн.

Анализчилер болсо кезегинде айтылуу байды камакка алуу менен Путин өз баа-баркын көтөгөн дешет. Ошондуктан бул абакка кесүүнүн артында кремлдик саясат жатат дешет. Маскөөдөгү саясий маалымат борборунун башчысы Алексей Мухин мындай дейт:

- Ходорковскийдин кесилиши боюнча Кремл мындан ары да анда саясий эч нерсе жок, ал нагыз экономикалык айып дегенге басым жасайт. Тескерисинче аны моюнга алганда, анда, Путин жүргүзгөн саясат чирик болгонунун бети ачылып калмак.

XS
SM
MD
LG