Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

ЖАЛАЛАБАТТА “ЖАҢЫ КЫЛЫМ” КООМУ ЖАНДАНУУДА


Жалалабат облусундагы өзбектердин “Жаңы кылым» аттуу коому кайра-шайлоо жыйынын өткөрдү. Анда коомдун жаңы төрагасы шайланып, президенттин ички-тышкы саясатын колдоо жөнүндө кайрылуу кабыл алынды. Өзбек уул-кыздарын окутуу, ушул улуттун өкүлдөрүн кызматка тартуу, коррупция маселеси ортого коюлду.

Үч жыл мурда азыркы экс депутат Кадыржан Батыров өзбек тилине мамлекеттик тилдин макамын берүү талабы менен митинг уюштурган. Ага нааразы болгон анын улутташтары «Жаңы кылым» деген коомду түзүп, Алишер Навои атындагы өзбек улуттук маданий борбордун курамынан бөлүнүп чыгышкан..

Коомдун иш башкаруучусу Абдулхак Хушназаровдун айтымында чогулушта жаштарды тарбиялоо, окутуу, аларды пайдалуу жумушка тартуу, уюмдун кеңсеси үчүн Жалалабат шаарындагы Токтогул атындагы парктан жер ажыратып алуу көйгөйлөрү козголгон. Өзбек мектептеринде өзбек тилиндеги окуу китептери тартыш. Кыргызстанда чыгарылган китептерде кемчиликтер көп. Китептин жетишсиздигинен мугалимдер окуучуларга өлкөнүн тарыхына байланыштырып сабак өтүүгө аргасыз. Коңшу мамлекеттен келген китептерде Өзбекстандын саясаты менен тарыхы окутулат. Жаштар арасында динге ашкере берилүү өнөкөтү байкалат:

- Мындан бир жыл мурда шаар Кеңешини токтом чыгарып, Токтогул паркынан 10 сотых жер бермекчи болушкан. Бир жылдан бери бул маселе мэрия тарабынан чечим таппай келатат. Кадрлар маселеси боюнча сөз болду, - дейт Абдулхак Хушназаров.

Анын белгилешинче укук коргоо уюмдарында иштеген өзбек уул-кыздарынын катары жетишсиз бойдон калууда. Буга дейре облбийлик 9 айыл өкмөттүн, бир нече район-шаар кеңештеринин башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери өзбек улутундагылар экендигин билдирген.

Коомдун мурдагы вице-президенти Гүлшаада Абдыкаримова өзбек уландарынын көпчүлүгү 9-10- классты аяктагандан кийин билим алууну андан ары улантпай, жумалап өсүп жаткан кымбатчылыктын айынан жашоо үчүн нан табууга далбас уруп жаткандыгына токтолду:

- Мектеп курагындагы жаштар үй-бүлө бюджетин толтуруу үчүн Россия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү башка республикаларга иштөөгө кетүүдө. Алар жетиштүү деңгээлде таалим-тарбия албаса, келечеги кандай болот деп кабатыр болуудабыз, - деген тынчсыздануусун билдирди Гүлшаада Абдыкаримова.

Жыйынга экс-депутат Кадыржан Батыров да чакырылып, ал облустун прокуратура, күч уюмдарында коррупция бар экенин, президенттин ишкерлерге тоскоолдук кылбоо жөнүндөгү мыйзамы орундалбай жатканын айткан. Облбийликтин атынан чогулушка барган Орозалы Карасартов «Жаңы кылым» коому көтөргөн көйгөйлөрдүн туура экендигин белгиледи. Бирок, анын көз карашында экс-депутаттын «жаңы кылымдагыларды» эки жүздүү атап, коррупция менен өзбек улутундагылар гана күрөшүп жаткандай мааниде сүйлөгөнү жаккан жок. Ал жыйындагылардын пикирин бийликке нааразы болгудай кылып, өзгөртүүгө жан үрөгөндүктөн ага каяша пикир айттым:

- Ушул эле маселелерди облустун активинде, коллегиясында, же ММКлар аркылуу айтса болмок. Бардык өзүнүн улутташтарын чакырган жерлерге келип алып, силер эч ким эмессиңер, силерди бийлик тоготпойт деп каршы коюшунун өзү туура эмес. Укук коргоо органдарынын жалаң гана тескери жагын улуттук жыйындарда айтып турушу да чынында туура эмес. Ооба, милицияда да кемчилик болуп атат, коррупция элементтери бар, башка жактарда да бар. Ошондуктан Кадыржан Баатыровдун жанагыдай бир аз амбициялуу, эмоциялуу сөздөрүн мен туура көргөн жокмун, - деди маалымат катчы Орозалы Карасартов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG