Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

СЕРБИЯ БАТЫШЧЫЛ ӨКМӨТКӨ ЭЭ БОЛДУ


Ушул дүйшѳмбүдѳ Сербияда жаңы өкмөт бекитилди. Өкмөттө эми Сербиянын Евробиримдик менен тыгыз алакасын жактаган партиялардын блогу менен алардын саясий оппоненти - социалисттер бирге иштешет. Коалиция түзгөн өнөктөштөр Косово боюнча туруму окшош экенин жана жаңы өкмөт мурдагы провинциянын көз карандысыздыгын эч качан тааныбай тургандыгын билдирүүдө. Евробиримдик батышчыл багыттагы өкмөттөн куралышын кубаттап, зарыл реформаларды жүргүзүүгө чакырды.

Сербиянын мурдагы коалициялык өкмөтү Косово көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин быйыл март айында чачыраган. Буга коалиция боюнча өнөктөштѳрдүн көпчүлүк өлкөлөрү Косовонун көз карандысыздыгын колдоп, тааныган Евробиримдик менен мындан ары кандай мамиле куруу керек деген маселеде мунаса таба албай калганы себеп болгон.

Ушундан соң мөөнөтсүз шайлоо жарыяланып, 11-майдагы добуш берүүнүн натыйжасында батышчыл президент Борис Тадичтин Демократиялык партиясы баштаган блок алдыңкы орунга чыккан. Бирок 102 эле орунду ээлегендиктен 250 орундуу парламентте көпчүлүктү камсыздай алган эмес. Экинчи орунду болсо 77 орун менен серб улутчулдарынын Радикалдык партиясы, үчүнчү орунду 30 орун менен эми мурдагы премьер министр Воислав Коштуницанын Сербия Демократиялык партиясы алган.

Радикалдык жана Сербия Демократиялык партиясынын лидерлери Томислав Николич менен Воислав Коштуница өнөктөш жана Евробиримдикке карата мамиле боюнча көз караштары окшош болгондуктан алардын коалиция куруу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок алардын жана президент Тадичтин блогунун алдында да парламентте көпчүлүктү түзүш үчүн 20 орун менен төртүнчү орунга чыккан Социалисттик партияны өз тарабына тартуу милдети турган. Андыктан май айынан бери серб партиялары арасында кызуу сүйлөшүүлөр жана соодалашуу жүрүп келди. Бир ирээт радикалдар жана социалисттер жана мурдагы премьер-министр Воислав Коштуницанын Сербия Демократиялык партиясы өз ара мунасага жеткени да кабарланган болчу. Бирок акырында социалисттер батышчыл партиялардын альянсын көздөй ооп, өткөн айдын соңунда алар коалициялык макулдашуу түзө алышты.

Америкалык "Нью–Йорк Таймс" гезити жазгандай, бул жолку өкмөт "бир кезде Слободан Милошевич жетектеген Социалисттик партия менен азыркы президент Борис Тадичтин Демократиялык партиясы ортосунда шектүү альянстын продуктусу" болду.

Ушул дүйшөмбү күнкү добуш берүүдө жаңы өкмөттүн курамын серб парламентиндеги депутаттардын 127си колдоду, 27си каршы чыкты. Премьер-министрликке болсо президент Тадичтин партиясынын мүчөсү, мурдагы каржы министри Мирко Цветкович келди.

Демократтар менен социалисттердин альянсына карабай, Сербиянын жаңы өкмөтү батышчыл маанайдагы өкмөт катары мүнөздөлүүдө. Премьер-министрликке келген Мирко Цветкович парламенттеги добуш берүү алдында белгилегендей,
жаңы өкмөттүн биринчи кадамы - Евробиримдик менен жакындашууну бекемдөө:

-Жаңы өкмөттүн биринчи кадамы Евробиримдик менен түзүлгөн Стабилдешүү жана ассоциация келишимин парламенттин ратификациясына сунуш кылуу болот. Жаңы өкмөттүн приоритеттеринин бири -Орусия Федерациясы менен жакшыраак жана бекемирээк саясий-экономикалык алакага жетишүү. Сербиянын өкмөтү Кошмо Штаттар менен да алаканы жакшыртуу үчүн колдон келгендин баары жасайт, дүйнөнүн эң ири державасы Балкандагы жаңжаалдарды жөнгө салуу ролунда Сербиянын кызыкчылыктарын, анын элинин тынчыздануусун жакшыраак түшүнөрүнө үмүттөнөт. Бул өкмөттөгү коалициялык өнөктөштөрдүн баары Сербия Косовону эч качан көз карандысыз мамлекет катары тааныбарына макул.

Парламентте 20 депутаты бар социалисттерге өкмөттөн, ички иштер, инфраструктура жана энергетика министрликтери өңдүү чечүүчү мекемелер тийди. Партиянын азыркы лидери Ивиса Дасич жаңы өкмөттө ички иштер министри менен катар премьер- министрдин орун басары болот. Мына ушул жагдай, маркум Слободан Милошевичтин партиясынын азыркы лидеринин полиция жана коопсуздук менен байланышкан иштерди тейлөөсү, британдык "Файненшл Таймс" гезитинин пикиринде, аскерий кылмыштары үчүн айыпталган таанымал үч сербди издөө боюнча Сербия БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналы менен кызматташуусунан күмөн санатууда. Согуш кылмыштары үчүн айыпталгандары трибуналга өткөрүп берүү буга чейин эле Сербия менен Евробиримдик ортосунда талаштуу маселелерден болуп келген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG