Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Ө.ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО СТАРТ АЛДЫ


"Азаттыктын" таңкы маегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев кечээ Баткенде өткөн “Ак жол” партиясынын облустук жыйынында сөз болгон 2010-жылы күтүлгөн президенттик шайлоодо президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо чакырыктары башталышы туурасында кеп кылсакпы деп турабыз. Маектешибиз “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев.

“Азаттык”: Мына алдыда биздин радио баянда айтылгандай Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев кечээ Баткенде өткөн “Ак жол” партиясынын облустук жыйынында кийинки президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин жок дегенде 95 пайызга колдоп берүүгө элди чакырып кетти. Муну шайлоо жарышынын эмитен эле башталышы катары кабылдаса болобу?

Ө.Текебаев: Шайлоо эртерээк жарыяланды. Менин оюмча 2010-жылкы боло турган президенттик шайлоого старт берилди деп айтса болот.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча ушул алдыда күтүлгөн шайлоодон эки жыл мурда чакырык таштоонун кандай зарылчылыгы бар?

Ө.Текебаев: Элди бириктирүүнүн элдин эркин мобилизациялоонун өзгөчө баткендиктердин мындан башка аргасы түгөнгөндүгү катары, мындан башка идея жоктугун мына ошонун айланасында гана элди бириктирип көтөрө ала тургандыгын ойлойм.

“Азаттык”: Эми минтип шайлоо тууралуу сөз башталып кетти. Дегеле башка саясий партиялардын, кыймылдардын ортосунда анын ичинде силердин партияда дагы алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча сөз болду беле буга чейин?

Ө.Текебаев: Азырынча биз президенттик шайлоолор жөнүндө сөз кылганыбыз жок. Биз жергиликтүү шайлоолор жана партиялык уюмдарды бекемдөө жөнүндө гана сөз кылып жатабыз. Биздин партиянын иштеши абдан кыйын шарттарда жүрүп жатат. Анткени биринчиден карапайым жумушчу болсо дагы мамлекеттик ишканада ал куугунтуктоого алынып, катардагы мугалимдер жумуштан бошотулганга чейин барып жатат. Мына ушул кезде бүткүл административдик ресурс “Ак жолго” мыйзамды бузуу жолу менен иштеп жатат. Мына Баткенде болгон конференцияда да аскер-жоокерлер конференцияны кооздоп турушту. Ошондой эле губернатор жетектеген бүт чиновниктер жумуш убагында конференцияны өткөрүштү. Мыйзамга тыюу салынган жумуш убагында партиялык иштерди жүргүзүү. Мындай алып караганда “Ак жол” партиясы өлкөгө үлгү көрсөтө турган партия. Алар мыйзамды бузбастан элди мыйзамга чакыра турган партия. Бирок, партиянын төрагасы дагы башка майда лидерлери дагы теңирден тескери иш кылат. Президент Курманбек Бакиев Чүйдү кыдырып жүрүп Чүй өрөөнүнүн губернаторун мактады. "Мен башка губернаторлорго Чүйдүн губернаторун үлгү кылып коём. Мына таптатынакай кылып “Ак Жол” партиясынын кеңселерин ачып коюптур” дейт. Бул губернатордун милдети эмес. Аны президент билбейби? Бул партиянын жетекчисинин, мүчөлөрүнүн милдети. Мамлекеттин эсебинен ачпаш керек, губернаторго андай милдет бербеш керек. Анан албетте, Чүйдөгү губернаторду мактаганды уккандан кийин элдин ишин токтотуп коюп партиянын ишин кылып, бардык жерден мамлекеттин же болбосо жеке ишкерлерди зордуктоо жолу менен кеңсе ачып, армияны дагы чакырып, конференцияларды өткөрүп жатат деп. Мунун өзү шайлоолор чындык менен болбостон күч колдонуу, мыйзамды бузуу, элдин пикири менен эсептешпегенин бүгүнтөн эле далилдеп койду.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, алдыдагы ушундай шартта президенттик шайлоого оппозиция бирдиктүү бир талапкерге токтоло алабы. Дегеле оппозициянын аракети кандай болуш керек?

Ө.Текебаев: Менин оюмча президенттик шайлоого азырынча эрте. Америкада деле президенттик шайлоого бир жыл калганда старт берилет. Биз бир жарым, эки жыл мурун эле старт берип отурабыз. Оппозиция азырынча бирдиктүү программа түзө элек . Алдыда убакыт жетишээрлик деп ойлойм. Сөзсүз түрдө оппозициялык маанайдагы партиялар координацияланган, макулдашылган аракеттерди жасайт.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG