Шаардагы мектептердин биринен быйыл 9-классты аяктаган Султан жогорку класстагы окуучуларга эки жылдан бери “салык” төлоп, акчасын алдырып келет. Эми быйыл, жаңы окуу жылынан тарта, Султан 10-класска олтурат. Ал да өзүнөн кичүү класстардагы окуучуларга “салык” салууга камданып турган экен.
- Биздин мектепте, албетте, салык салмай бар. Алар келип айтып кетишет, белгиленген убакытка чейин таап бербесек, таяк жейбиз: урушат, дагы башка өздөрүнүн чараларын колдонушат. Анан беришке туура келет. Көбүнчө бизге эки-үч жаш чоң окуучулар салышат. Эгер бизден бир эле жаш улуулар талап кылышса, биз аларды тоготпойбуз, мушташып да кетебиз.
“Азаттык”: Канча убакытта “салыкты” төлөп беришиң керек, анан канчадан салышат?
- Кээде 50 сомдон, 25 сомдон, а бир жумада салса 300 дөн 500 сомго чейин бересин деши мүмкүн. Ар бир окуучуга 12 сомдон 100 сомго чейин түшүп калат. Биз болсо азырынча салык салууга укугубуз жок, бизден улуу балдар угуп калышса, токмоктоп салышат. Катуурак уруп койгондон кийин, кийинкисинде өзүбүз эле берип калабыз.
“Азаттык”: Силерге мектеп жетекчилиги тарабынан же укук коргоо органдары тарабынан жардамдар болобу?
- Алар сурашат, бирок биз айтпайбыз. Айтып койсок, анда мектептен чыгып кеткенге туура келет. Себеби күндө уруп, кыйнай беришет да.
№17 Гагарин атындагы орто мектептин директору Акылбек Ташпаев бул көрүнүш окуучулардын сабакка болгон кызыгуусуна жана катышуусуна чоң кедергисин тийгизип жатканын белгилеп, бул көйгөй өзү жетектеген мектепте да орун алганын жашырбайт.
- Мен жашыргым келбейт, өзүм жетектеген мектептин балдары мындан үч жыл мурун “Керме-Тоо” мектебинин балдары менен урушушкан. Күчтүүрөөк балдар башка балдар менен байланышып келишип, акча талап кылышат. Акча бербегендерди урушат, бере албаганы мектепке келбей, качып жүрө берип, сабакка жетишүүсү начарлайт. Бул көрүнүш балдар арасында көбүрөөк деген менен, кыздар арасында да кездешет.
Ош шаардык милициясынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Мамат Бектемиров акыркы учурда окуучулар район-районго бөлүнүп мушташкан учурлар көп катталып жатат. Жакында эле 2 өспүрүм темир тор артына камалган экен.
- Быйыл дагы бир ошондой мушташ болду. Урган балдарды өз убагында кармап, кылмыш иши козголуп, алардын иши сотко өткөрүлүп берилди. Тийиштүү чаралар көрүлөт, эки бала дароо камакка алынды. Бул Черемушка менен Батыш кичи райондорунун өспүрүмдөрүнүн чатагынан келип чыккан.
Мектептерде уландар арасында өз ара атамандык талашуу, салык салмай сыяктуу көрүнүштөр азыр эми эч кимди деле таң калтырбай калган өңдү. Ал эмес, «рекетчилик» аймактагы кыздар арасында да дана байкала баштаганы айтылууда. Буга шаардагы мектептердин биринин бүтүрүүчүсү Нүргүл тынчсызданаарын айтты.
- Мындай окуяга менин классташтарым көп эле жолу кабылышканын көрүп жүрөм. Кыздар арасында да кадимкидей «рекетчилик» көбөйдү, токтотушса жакшы болмок. Бирок айтыштан баары эле коркушат, себеби чоңдор келип уруп, өлүмгө чейин жеткен учурлар да болуп жүрбөйбү.
Талдоочулар мектеп окуучулары арасындагы «рекетчиликтин» жанданышын өспүрүмдөрдүн ар кандай маанидеги чет элдик фильмдер менен тынымсыз сугарылып, алардан таасир алып жатышканынан көрүшөт. Андан сырткары, көпчүлүк ата-энелер күнүмдүк турмуш-тиричиликтен колу бошобой, бала тарбиялоого мүмкүнчүлүктөрү болбой жатканы да Буга негизги себептердин бири катары айтылууда. Учурда окуучулар арасындагы «рекетчилик» түштүктүн айрым райондорунда да кеңири тамырлаганы белгилүү. Алсак, ушул жылдын башында Алай районунда өспүрүмдөрдүн чыр-чатагынан улам бир окуучу бычак жеп, оор жаракат алган факты катталган эле.