Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Ч.ОРОЗОБЕКОВА: ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАМАН ЖОЛГО БАРАТАБЫЗ


Маектешкен Кубат Чекиров «Де Фактого» каршы соттук кысымдар, айыптоолор Ак үйдөгү тиш кайраган атка минерлердин тукуругу боюнча алдын ала пландалган кара-ниет иштердин натыйжасы болуп саналат. «Де Фактонун» баш редактору Чолпон Орозобекова «Азаттыкка» маегинде ушундай ой-пикирин билдирди. Ч. Орозобекованын айтымында, ага каршы кылмыш ишин козгоого себеп болгон салык органдарындагы коррупция жөнүндөгү макаланы атайы бийлик уюштуруп жаздыртып, анын шылтоосу менен өлкөдөгү жалгыз оппозициялык гезиттин эркин сындырууга аракет болууда.

-Чолпон, «Де факто» гезитине мурда козголгон иштердин ызы-чуусу бүтө электе укук коргоо органдары дагы бир иш козгоп жиберишти. Азыр бул иштер кайсыл стадиясында турат?

- Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин айыптоосу боюнча чыккан сот чечимин талашып Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жолдогонбуз. Свердлов райондук соту мүлкүбүздү, банктагы эсебибизди камакка алып койбоду беле, биз бул чечимди да туура эмес деп талашып сотко кайрылганбыз. 10-июлда бул иш сотто каралат. Ал эми мага тагылган айыптоо боюнча иш прокуратурага өткөн, тергөөсү аяктап калды, эми сотко өтүшү керек.

-Буга чейинки интервьюларыңызда Сиз «Де Факто» гезитинин айланасында болуп аткан сот иштерин бийликтин саясий буюрмасы катары айтып келатасыз. Мындай жыйынтык чыгарууга негиз берген кандай жүйөө аргументтерди келтире аласыз?

-Оппозициялык маанайдагы жалгыз гезит болуп биз калбадык беле. Ак үйдө, көк үйдө бизге тишин кайрагандар толтура болчу. Ыңгайлуу учурду күтүп туруп баса калышты да. Бир катар саясатчылар да ушундай ой-пикирин бөлүшүп атышат. Бул деген силерге каршы атайын жасалган «тукурук» болушу ыктымал деп жатышат. Кайрылуу алып келген аялды бизге астыртан жиберип, эртеси чагылгандай тездик менен басып калышты. Демек, бул алдын-ала пландалган нерсе.

-Соттук кысым-териштирүүлөр болуп атканда гезитти чыгарууга тоскоолдук болуп жатат да. Эмгек жамаатыңдын моралдык-психологиялык абалы кандай?

-Ак үйдө тишин кайрагандар ойлойт экен, бизди оппозиция каржылайт, биздин артыбызда олигархтар бар деп. Биздин артыбызда эч ким жок. Өзүбүз тырмалап эптеп оокат курап, бутубузга туруп келатканбыз. Үч саныбыз үзгүлтүккө учураганда эле дароо бизде материалдык абал оорлоп кетти. Эмгек акы бере турган учур келип калыптыр, жетиштүү каражат табылбай кыйналдык. Улам суракка барып атып, кызматкерлерибиздин да моралдык-психологиялык акыбалы начарлады. Ошондуктан редколлегия чогулуп, жайкы каникулга тарай туралы деп чечтик. Буюрса, 20-августта окурмандар менен кайра жолугабыз.

-Соңку суроону берейин. Ушул силер башыңардан өткөрүп аткан окуя жалпы эле маалымат майданы үчүн эмнени билдирет? Кыргызстанда эркин гезит чыгарууга жасалып аткан тоскоолдуктар өлкөнү каякка алпарат?

- Мага Кылмыш Кодексиндеги 329-берене боюнча «билип туруп атайы жалган маалымат тараттты» деген айып коюп жатышат. Юристтердин айтымында, бул деген укук коргоо органына же сотко бирөөнү кылмыш кылды деп жалган билдирүү, же жалаа жаап кабар жайылтсаң, ошондо ушул берене боюнча жоопко тартат экен. Буга чейин бир да журналистке мындай берене менен кылмыш иши козголгон эмес. Бул өтө коркунучтуу прецедент. Биз Өзбекстандан жаман жолго баратабыз.

P.S. «Чегарасыз кабарчылар» уюму дагы «Де Факто» гезитинин айланасындагы окуяларга тынчсызданып, аталган гезит башынан кечирип аткан окуяларды жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG