Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

ЖАҢЫ БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТАНЫ СЫНОО- ИРАНДЫН КУРУ ОПУЗАСЫБЫ?


Амирбек Усманов, Прага Иран алыс жана орто аралыкка учуучу тогуз ракетаны сыноодон өткөрдү. Өкмөттүк телеканалдын маалымдашынча, «Кошмо Штаттары менен Израилден болгон коркунучка жооп ирээти» сыналган ракеталардын ичинде 2 миң чакырым алыска жетчүлөрү да бар. Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейинин жардамчысы кокус өлкөнүн ядролук жайларына чабуул жасалса, Тегеран токтоосуз Тель-Авивке жана Перс булуңундагы АКШлык аскерий кемелерге сокку урула турганын эскертти.

Ирандын өкмөттүк телеканалы маалымдаганга караганда, шаршемби күнү сыналган ракеталардын ичинде эки чакырым алыстагы бутаны жок кыла алчу «Шахаб-3» ракетасы да бар жана анын дүрмөтү бир тоннага барабар.

Ирандын ыңкылапчыл гвардиячылары ракеталарды «Улуу пайгамбар-3» деп аталган аскерий машыгуу учурунда атып сынашканы, баш айлантма машыгууга Ирандын деңиз күчтөрү да катышып жатканы кабарланды. Жаңы ракеталар Ирандын кайсы бөлүгүндө сыналганы айтылбады.

Ирандын руханий адыйы Аятолла Али Хаменейинин жардамчысы Али Ширази непада Ирандын ядролук программасына байланыштуу жайларга чабуул жасалса, Тель- Авивге, АКШнын Перс булуңундагы согуштук кемелерине сокку урулат, деп күн мурда эскерткен.

Талдоочулар мындай курал сыноо Тегеран менен Батыш арасында Ирандын ядролук программасы боюнча араздашуу курчуп турган кезде сынаганына, бир нече жума илгери Израил да деңиз аскерлеринин машыгуусун өткөргөнүнө көңүл бурушту.

"Jane’s Missiles and Rockets" журналынын редактору Д. Ричардсон эки тарап бири- бирин опузалап жаткан тушта, Иран канчалык опурулганы менен, анын ракеталары салыштырмалуу кубатсыз жана жөнөкөй деп эсептейт. Атап айтканда, «Шахаб-3» ракетасы Германия алтымыш жыл мурда Лондонду аткылаган жөнөкөй ракеталарга окшош дейт Ричардсон:

- Бул жөнөкөй ракетаны кубаттуу жардыргыч заттар менен дүрмөттөсө болот. Анын кубаты II Дүйнөлүк согушта Германия Лондонго аткан V-2 ракетадай болот. Ошондуктан, анын талкалоочу күчүн билем десеңиз, Лондонго аткыланган V-2 ракетасын элестетип көрүңүз.

Ричардсондун сөзүнчө, ирандыктардын «Шахаб-3» ракетасы АКШнын деңиз кемелерине каршы же кайсы бир зарыл жайды жок кылуу үчүн колдонууга болбойт. Анткени, мээленген бутага так тийбейт дагы эки, эки жарым чакырымдын тегерегинде түшөт.

АКШ өкмөтү Ирандын ракеталарды сыноосун айыптады. Баллистикалык ракеталарды сыноо «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына каршы келет жана Ирандын дүйнө алдындагы милдеттенмелери менен коошпойт», деп билдирди Ак Үйдүн өкүлү Гордон Жондроу.

XS
SM
MD
LG