Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

О.АРТЫКБАЕВ: ООГАНСТАНДЫ КАЙРА КУРУУГА КАТЫША АЛАБЫЗ


Эки күндөн бери Ооганстан парламент мүчөлөрү Кыргызстанда иш-сапар менен жүрүшөт. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жакшыртуу, коңшу ооган элине өз өлкөсүн кайра курууда кыргыз тараптын көмөктөшү сыяктуу маселелер талкууланууда. Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Осмон Артыкбаев "Азаттыктын" туз обосунда оогандык мыйзамчылардын иш-сапары тууралуу кеп кылат.

Азаттык: Ооганстандан келген топту сиз коштоп жүргөн экенсин. Алгач ушул иш сапардын максаты тууралуу айтып берсеңиз?

О. Артыкбаев: Бул иш сапардын эң башкы максаты ооган-кыргыз мамилесин түзүү, ошону жакындатуу. Ошонун негизинде Кыргызстанга чоң делегация келип, азыр министрликтер, парламент менен жолугушуп, ушул иштерди талкуулап атабыз.

Азаттык: Кечээги жолугушууларда келген өкүлдөр Кыргыз тараптын Ооганстанды кайра куруу иштерине катышуусуна, өзгөчө темир жол жана турак үйлөрдү куруу жагынан жардам берүүсүнө кызыкдар экенин айтышыптыр. Бул жаатта жардам көрсөтүү жагынан Кыргызстандын канчалык мүмкүнчүлүгү бар?

О. Артыкбаев: Азыр бүткүл дүйнө, донорлор деп коет, Ооганстанды кайра куруп, ошонун кайра калыбына келтирүү боюнча акча бөлүп, коңшу, алыскы өлкөлөр Ооганстанга келип атат. Аябай чоң акча келип атат ар бир багыт боюнча, курулуш, гуманитардык тарабына. Кыргыздардын Ооганстанды кайра курууга катышканга өтө чоң мүмкүнчүлүгү бар. Бизде билимдүү адамдар, куруучулар бар. Биз ошол жакка азык-түлүк продуктыларын бергенге мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Азаттык: Ошол эле учулда Ооган тарап Кыргызстандан электр кубатын сатып алуу боюнча да келишим түзүүгө даярдыгын билдиришкени айтылды. Кыргыз тарап ага даярбы?

О. Артыкбаев: Негизинен буга биз даярбыз. Бир гана кыргыздар эмес, буга бир топ коңшу өлкөлөр катышат, ошол эле Тажикстан, Ооганстан, Пакистан. Ооганстанда да, Пакистанда да электр энергия жетишпейт. Эгерде биз ушул программанын негизинде аракет кылып иштесек, кыргыздын электр энергиясы Ооганстанга барууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул карала турган реалдуу программа.

Азаттык: Сиздин оюңузча дегеле ушул эки өлкөнүн кызматташтыгы эми кандай нукта өнүгүшү керек?

О. Артыкбаев: Эки өлкөнүн кызматташтыгы өтө тыгыз өнүгүшү керек. Себеби Ооганстан көп жылдардан бери согуш менен алек болуп, азыр өлкөнү курууга байланыштуу көп акчалар ошол жака жумшалып атат. Биз эң жакын коңшулардын бирибиз. Эгерде биз туура аракет кылып, ошол жакка тыгыз катнашты жүргүзсөк, биз Ооганстанды кайрадан түзүүгө, экономикалык, гуманитардык жактан жардам берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан биз толук аракет кылышыбыз керек. Биз өзүбүз аракет кылсак сөзсүз түрдө биздин мамлекет үчүн экономикалык, саясий жактан дагы аябай чоң пайда алып келет.

Азаттык: Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG