Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ж.ТУРДУКОЖОЕВ: АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМДЕ СӨЗ ЭРКИНДИГИ САКТАЛБАЙТ


Көз карандысыз «Де-факто» гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага каршы козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, иш жакын арада сотко өткөрүлгөнү турат. «Де-факто» гезитинин тегерегиндеги окуяларга, Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланышкан абалга соңку кездерде бир катар Эларалык уюмдар да тынчсызданууларын билдире баштады. Өлкөдөгү сөз эркиндигине байланышкан жагдай боюнча саясий серепчи Жыргалбек Турдукожоев «Азаттык» менен ой бөлүшкөн.

Азаттык: Сиздин баамыңызда «Де-факто» гезитине жана анын башкы редакторуна байланышкан иш кандай аякташы ыктымал? Сот чечими кандай болушу мүмкүн?

Ж. Турдукожоев: Мен дароо эле айтып коёюн. Бул буйрутма иш болуп жатат. Бийлик тарабынан жасалган. Кандай башталса ошондой аяктайт. Сот сөзсүз түрдө тергөөнүн жыйынтыгын ырастайт. Бул эки инсан Чолпон Орозобекова менен «Эр айдоочунун» жетекчиси Качкын Булатов сот жообуна тартылат деп мен ишенип эле турам. Бирок, бул маселеге кеңири караардан мурда бир маселени тактап алсак деп ойлойм да. Кыргызстанда азыр басма сөз эркиндиги анын абалы кандай болуп жатат деген суроолор жеке эле кыргызстандыктарды эмес чет өлкөлүктөрдү да абдан тынчсыздандырып жатпайбы. Ушул жагдайды алып караганда, биз демократия маселеси жөнүндө кеп козгосок болчудай да. Себеп дегенде басма сөз эркиндиги бул демократиянын бир көрүнүшү, бир көрсөткүчү болуп эсептелет. Демократия кандай болсо басма сөз эркиндиги дал ошондой болот. Ал эми демократия бизде азыр кандай абалда? Мына ушул суроодон чыксак калганы өзү эле түшүнүктүү болот. Ошон үчүн мен дароо эле бул маселеге өзүмдүн жеке көз карашымды айтып кетким келет. Бизде ушул кезге чейин чоң саясатчылар, калыс саясатчылар, саясат таануучулар демократиядан четтеп баратабыз, демократиядан кетенчиктеп бара жатабыз, биз авторитардык режимге бара жатабыз деп үстүртөн эле айтып келе жатышат. А кыргызда айтат эмеспи, ала кызды атынан ата депчи. Анын сыңарындай биз бүгүн чындыкты айтууга убакыт жетти. Бизде демократия деген тогуз ай мурун эле октябрь айында, башкача айтканда референдум өткөндө, анан Кыргызстанда жалгыз партия ал «Ак Жол» партиясы пайда болгондо бийлик тарабынан демократия киши колдуу болгон. Ал эми декабрдын он алтысында болсо бийлик тарабынан демократиябыз жерге коюлган.

Азаттык: Аталган гезиттин башкы редакторуна кылмыш жаза кодексиндеги 329, тактап айтканда «атайылап жалган билдирүү таратуу» деген берене боюнча айып тагууга канчалык негиз бар эле?

Ж. Турдукожоев: Мындай айып тагууга укуктук жагынан албетте негиздер болгон. Бул жагынан алганда журналисттердин жоопкерчилиги жөнүндө сөз айтпай коюууга болбойт. Себеп дегенде ушундай авторитардык режимде жасап жатканда, демократияны эчак көөмп койгондо журналисттер дагы абдан сак болуш керек. Ошондуктан гезитке жарыяланган белгисиз бир адамдын катын кыянаттык менен басып чыгаран «Де-факто» гезити дагы туура негизсиз иш кылганы айдан ачык. Муну танбаш керек. Бул башка көз карандысыз деген журналисттерге дагы сабак боло турган окуя. Бирок, бул барып эле укуктук башка негизде териштирилип, тергелип, тийиштүү башкача чаралар көрүлүш керек эле. Чын- чынына келгенде бул басма сөз эркиндигин бузуп, бийликке каршы бир аз сын айткан, өзүнүн позициясын билдирген, чындыкты жарыялаган гезитке гана басым, кысым болуп калганы айдан ачык болуп турат.

Азаттык: Сөз эркиндигине байланышкан абал өлкөдө эми мындан ары кайсы жагына өзгөрүшү мүмкүн?

Ж. Турдукожоев: Мен айтып кетпедимби. Авторитардык режимде басма сөз эркиндиги эч качан сакталбайт, жактырылбайт. Сөзсүз түрдө чындыкты айткан, баш көтөргөн басма сөзгө, журналисттерге, саясатчыларга кысым көрсөтүлө берет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан биз басма сөз эркиндигинде дагы, демократиялык принциптердин дагы сакталышына эч качан оптимисттик маанайда болбошубуз керек.

Азаттык: Курган мегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG