Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

К.РАЙС: ОРУСИЯ ГРУЗИЯДАГЫ ЧАТАКТЫ ЖӨНДӨӨГӨ КӨМӨКТӨШҮҮГӨ ТИЙИШ


Амирбек Усманов, Прага Россия Грузиядагы калабадан сыртта турбай, аны жөндөөгө жардамдашуусу керек, деди АКШнын Мамкатчысы. Кондолиза Райс мындай билдирүүнү бүгүн Тбилисиде Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен чогуу өткөргөн пресс- конференцияда жасады. Райс айым Грузияга- Абхазия жана Түштүк Осетиядагы кырдаалга байланыштуу Тбилиси менен Москванын мамилеси курчуп турган мезгилде келди.

Кондолиза Райс Грузияга Абхазия жана Түштүк Осетияда жагдай осолдоп турган мезгилде келди. Өткөн аптада Абхазияда болгон жардырууда төрт адамдын каны төгүлүп, кооптуу кырдаал үчүн Грузия жана Россия бири бирин күнөөлөшкөн.

Президент Саакашвили менен болгон сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Райс айым Абхазиядагы абал тынчтык жолу менен жөндөлүшү мүмкүн деген оюн билдирди:

- Зобун- зордуктарды ким да болбосун токтотуш керек. Мен бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган зобун- зордукка орун жок экенин президентке (Саакашвилиге) айттым. Зобун- зордуктан бардык тараптардын баш тартканы өтө баалуу. Абхазиядагы кырдаал тынчтык жолу менен чечилиш керек.

Калабаны жөнгө салуу үчүн, Райстын сөзүнчө, Россия- Грузия ортосунда гана эмес, Грузия менен Абхазия жана Түштүк Осетия арасында да бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөрүлүшү зарыл:

- Абал татаал болгондуктан, бийик деңгээлдеги, бери дегенде саясый директорлор, балким андан да бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырамын.

Кондолиза Райс Грузия жана жикчил аймактар арасындагы талашты жөндөөгө Россия- арачы өлкө катары да жооптуу мамиле кылууга тийиш экенин да эскерте кетти.

Ал эми президент Саакашвили өз сөзүндө Россия акыркы жылдары Европадагы таасирин жоготуп баратканын, анын өчүн Грузиядан алууда деген пикирин айтты:

- Бул НАТОнун кеңейүүсүнө, Косовонун эгемендигине жана АКШнын региондо өсүп бараткан таасирине Москванын реакциясы экенин россиялыктар бизге ырасмий жана ырасмий эмес шартта түшүндүрүштү. Бул айрым адамдар Кансыз Согуштун бүткөнүн билбегенге окшоп кетет.

Россия Грузиянын бүтүндүгүн тааныса эле, калаба жөндөлмөк, деп ишенет Грузия президенти:

- Негизги маселе- Грузиянын өз территориясынын маанилүү бөлүгүнө болгон укугун Россиянын тааныбай жатканында болууда. Мындай нерсе Кансыз Согуш бүткөндөн тарта, атүгүл Европада Экинчи Дүйнөлүк Согуш аяктагандан бери болгон эмес.

Михаил Саакашвили эзелтен Грузия Россия менен маданий, тарыхый жактан бекем байланышта болгонун, ошон үчүн Тбилиси бүгүн эле эмес, келечекте да Москва менен бекем мамиледе болууну каалай турганын да баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG