Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ПАРТИЯ ЭЛГЕ КЕРЕКПИ ЖЕ ЭЛ ПАРТИЯГАБЫ?


Жакында (бейшемби күнү) Кыргызстандагы эл аралык республикалык институт Жалалабат облусундагы саясий партиялар үчүн окуу-семинар өткөрдү. Анда Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Лев Бирюк партиялык иштерди уюштуруунун ыкмалары тууралуу айтып берди. Партиялар өз иштеринин алгылыктуу экенин билдиришкени менен аларга эл салкын көз карашта. Ага эмне себеп? Жай турмушта иши болбой, шайлоо жана саясий өнөктүк маалында гана шайлоочуларды эстеген партиялар калкты жалкытып койгонбу? Дегеле элет калкыныналардын бул күндөгү абалы, бийликке көз карашы кандай?

Эл аралык республикалык инсититут өткөргөн бул окуу мурда Бишкекте болгон семинарлардын экинчи бөлүгү. Программалык адис Канат Жолдошовдун белгилешинче инсититут саясий партиялардын өнүгүшү үчүн узак мөөнөттүү долбоорду баштаган. Ал долбоор саясий уюмдарды партиялык ички демократия, биримдик, саясий багытты аныктоо жана алдын ала шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү жолдоруна үйрөтүү маселесин камтыйт деп айтты Канат Жолдошов:

- Cеминардын натыйжасында саясий партиялар өздөрүнүн айтышы боюнча, партиялардын ичиндеги маселе партиянын ичиндеги коммуникация, байланыш жана региондогу бөлүмдөрдүн өнүгүшү боюнча. Ошого проектин уландысы катары бүгүн биз Жалалабат шаарында өткөрүп жатабыз.

Күз маалында өлкөдө жергиликтүү Кеңештерге шайлоо болгону турат. Окууга Украинадан эксперт катары чакырылган Жогорку Раданын депутаты Лев Бирюктун айтымында ал өнөктүктө партиялар шайлоочуларды өзүнө тартып, алардын берген добуштарын коргой албаса, жеңишке жетишүүсү кыйын. 89-90-91-жылдары ал депутаттыкка талапкер болгондо терезесине таш ыргытылып, аялы жумуштан айдалган, өзүн текшерүүлөр болгон. Жетекчисинен «иштен кетпесен болбойт” деген сөздү уккан.

“Жаңы Кыргызстан” партиясы жер-жерлерде коррупцияга каршы коомдук комиссияларды түзмөкчү. Аталган партиянын өкүлү Анарбек Айталиевдин айтымында уюмдун ич ара байланышы жакшы эмес:

- Башка партиялык саясий уюмдардан айырмасын туура түшүндүрүп, иштер жүрүп келатат. Кээ бирде партиянын мүчөлөрүндө байланыш жакшы түзүлбөй калган учурлар болуп калышы мүмкүн. Кээ бир айылдарда бөлүмдө жакшы квалификациясы жете элек болушу мүмкүн.

Күздөгү шайлоого «Ата Мекен» партиясы да даярдык көрүүдө. Партиянын облустагы төрагасы Эргеш Садировдун көз карашында парламенттик шайлоодон кийин да уюмдун жактоочуларына куугунтук токтотулган жок. Бирок, уюмдун жергиликтүү түйүндөрү сакталып калды деп үн кошту Эргеш Садиров:

- Шайлоочулар менен иштеп жатабыз. Ачыктан ачык чыкпасак, элдин башка партиялардын атынан болсо дагы «Ата мекен» социалисттик партиясына эркин басылмалар, эркин телелерди жаап, азыркы учурдагы бийликтин адамдары бир эле адамдын көзүн карап калгансыйт. Демек биз ар кандай жол менен болсо дагы шайлоолорго катышабыз.

“Эркиндик” партиясы жер-жерлерде эл менен жолугушуп жүргөнүн анын төрага орунбасары Мойдун Мамажановдон уктук. Мамажановдун айтымында борбордон айтылган көрсөтмөлөрдү жергиликтүү бийликтегилер бузат. Ал Ноокат районундагы эки айыл өкмөттүн эли менен баарлашканда калк ошол жердеги бийлик, сот, прокуратура, милиция уюмдарына нааразылыгын билдирген:

- Элдин арасынан бийликке, президентке асылган кишилерди көргөн жокмун. Жер-жерлерде жергиликтүү бийликтердин такыр тескерисинче иш кылып атканын эл айтып атышат. Ылдыйкы звенолор жакшы иштебей атканы бийликке кандайдыр бир өзүнүн каршы экендигинби, чоң чогулуштардан сөздөрдү угуп туруп кайра жер-жерлерге келгенде элди азапка тартып атышат. Укук коргоо органдарына, акимдерге эл ушунчалык нааразы.

Бирок партиялар бир адам же бийлик үчүн кызмат кылбай, мүлдө элдин кызыкчылыгын көздөсө жакшы болмок. Ушундай пикирин айткан журналист Гүлмира Жапар кызынын баамында көпчүлүк, партияларга кайдигер көз менен кароодо:

- Күтүүсүздөн эле белгисиз адамдарды сыртынан сен ушул партияга өттүң деп документтерди даярдашып, бир партияга шарттар менен агитациялар түзүлүп, ошол келишимдерди мурдагыдай эле күтүп алышып, мурдагы эски ыкмалар менен эле бардык элдерди жүргүзүп жаткандай. Кээ бирки адамдарыбыз партия менен иши деле жок. Сурасаң партиядан да, саясаттан да тажагандай, барыбир жардам бербейт, бары бир эч нерсе чечпейт деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG