Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

САРКОЗИ ЛИССАБОН КЕЛИШИМИН САКТАП КАЛГАНГА СӨЗ БЕРДИ


Франция 1-июлдан тартып Евросоюзга төрагалык кыла баштады. Ушуга байланыштуу президент Николя Саркози алдыдагы жарым жылдагы иш-аракеттеринин программасы менен бейшемби күнү Страсбургда Европарламенттин депутаттарын тааныштырды.

Николя Саркози баарыдан мурда Лиссабон келишиминде аныкталган реформалар жүзөгө ашырылмайынча Евросоюз жаңы мүчөлөрдү кабыл алалбай турганын билдирди. “Мен Евросоюздун Балканда кеңейтилишин жактайм,- деп айтты Саркози. “Серб жана хорват достор европалыктар экенинде калет жок. Бирок кеңейүү процессинин эң жалындуу жактоочусу да Лиссабон келишимине “жок” деп айта албайт. Болгону бир эле вариант – Лиссабон келишимине да, кеңейүү ишине да “ооба” деген гана жол бар”.

Саркозинин бул сөзү 2010-жылы Евросоюзга кошулганга толук ишенип калган Хорватия үчүн каалга жабылат дегендей каңкуу болду. Француз президенти мындан тышкары Лиссабон келишимин ратификациядан өткөрүүдө Польша менен Чехияга да кысым жасоо керектигин кошумчалады.

Ирландияда 12-июндагы референдумда калктын 53,4 проценти Лиссабон келишимине каршы добуш беришкен эле. Ошого таянып, Польшанын президенти Лех Качинский келишимди ратификациядан өткөргөн парламенттин чечимине кол койгондон баш тартып жатат.

Саркози сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү жеке өзү Ирландияга барарына европарламенттин депутаттарын ишендирди. Лиссабон келишимин француз президенти ага кол койгон бардык тараптар үчүн мунасалуу документ экенин эске салып, кандайдыр бир алымча-кошумчаларды кийирүүгө болбой турганын эскертти. Эгер чечим табылбаса, анда эмдиги жылдагы жалпы европалык парламенттик шайлоо 2001-жылы Ниццеде кабыл алынган келишимдин негизинде өткөрүлөт.
Лиссабон келишими кайсы өлкөдө ратификациядан өтсө, ошол жерде күчүнө кирсин деген идеяны да Саркози четке какты. Евросоюз 27 өлкөдөн түзүлгөн бир үйбүлө, ошондуктан ага мүчө болгондордон ким бирөөлөрдүн эшик сыртында калышы таптакыр туура болбойт, деп белгиледи Саркози.

Француз президенти кокус азыркы кризис чечилбесе Евросоюздун иши Ницце келишими боюнча жүргүзүлө турганын, бирок анда Евросоюзга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселесинде проблема чыгарын эскертти. “Эгер биз кеңейүүнү кааласак,анда бизге жаңы институттар керек”,- деп айтты Саркози.

Саркози Евросоюздун төрагасы катары Франция Лиссабон келишимин сактап калганга жана октябрь-декабрь айларында бир жаңсыл чечим табарына Европарламентти ишендирди.

XS
SM
MD
LG