Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

2011-ЖЫЛЫ ПУТИН МЕНЕН МЕДВЕДЕВ КАРМАШАБЫ?


Муса Мураталиев, Москва Бир катар маалымат каражаттары Кремль Мамдуманы 2011-жылы кайра каалаганындай шайлаттыруу үчүн өз долбоорун иштеп чыккандыгын жазып чыгышты. Анализчилер баамында, бул жолу ылдыйкы палатаны шайлоодо эки партия ат салышмакчы. Андай саясий күрөш болуп «Бирдиктүү Орусия» менен «Адилет Орусия» партиялары эсептелишет. «Независимая газета» жазганга караганда, бул жолу адилет орустарды президент Дмитрий Медведев баштап, ал эми бириккен орстардын башында премьер-министр Владимир Путин турмакчы. Жогорку палатанын төрагасы Сергей Мироновдун айтымында, 2011-жылы өткөнү жаткан шайлоого беш-алты партия катышат, бирок, эки партиядан турган парламент уюшулушу толук ыктымал.

Бул күндөрү «Адилет Орусия» өзүнө чакан партия болгон - Социалдык адилетчиликти кошуп алганы маалым болду. Чындап кошулуу күздө болот дешет, бирок, кеп бышып бүткөнүн сырттан көз салуучулар айтышат. Чакан Социалдык адилетчилик партиясынын жетекчиси Алексей Подберезкин айтканга караганда «кошулуу үчүн ага эч ким, эч кандай кысым жасаган жок».

Дагы бир маалыматта «Адилет Орусия» өзүнө сиңирип алуу максатында эми Агрардык партиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Кремлдик партиянын солчул көз карштагы кодоо партияларды жанына чогултуу аракети, айтылуу талдоочу Дмитрий Орешкиндин байкашынча, «жогорку бийликтин кол шилтөөсүнөн улам болуп атат. Анын түпкү максты «Адилет Орусияны» шайлоого дейре өз алдынча күрөшө алгыдай күчкө жеткирүү болууда».

Андай күч топтолгондон кийин аны «Бирдиктүү Орусия» менен таймашка салууга туура келет дешет. Ошондо эки жаат болуп Мамдуманын орундарын талашуучу күчтөр жалаң кезегинде Кремль негиздеп, кийин асырап, тарбыялап чыккан кол бала партиялар болгондуктан, бийлик дагы бир жолу самаганына жетет дешет.

Өйдөкү палатанын төрагасы Сергей Миронов, жакында журналисттер алдында айткан пикиринде, «Бүгүн «Бирдиктүн Орусия» мыйзам чыгаруучу демилгени түздөн–түз үстүңкү бийликтен алып турат». Аны өз алдынча иштей алуу менен камсыз кылалы десек, анда, ылдыйкы палатага депутаттардын шайланышы башкача жолдо болууга тийиш. Андан аркы кебинде Федералдык Кеңештин төрагасы, «Адилет Орусия» партиясынын лидери Сергей Миронов: «Мен парламентте азыркыдай бир чоң партия эмес, бир нече фракциядан турган чоң коалиция болуп, анан анын атаандашы болгондо туура болмок дейм»,- деген.

Ошол эле учурда саясий талдоочу Александр Кынев, азырынча, Орусияда эки партиядан турган парламент шайланышы мүмкүн эмес экенин айтат:

«Көп партиялуулук жеке эле мыйзам негиздери менен байланышпайт, ал баарыдан мурда коомдогу объективдүү карама-каршылык менен киндиктеш. Азыркы учурда түзүлгөн бир жактуу башкаруу системасы өлкөдөгү бүгүнкү турмуштун сөлөкөт-сөлбөтүн чагылдырып турат.»

XS
SM
MD
LG