Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

ЧҮЙДӨГҮ КЫТАЙЛАРДЫН ИШКАНАСЫНДА ЖАРЫЛУУ БОЛДУ


Жамангулова Жазгүл, Чүй Өтүп бараткан жуманын соңунда Москва районундагы кытайлардын ишканасында жарылуу болду. Темир ээритүүчү электр мешинин жарылышынан айрым жумушчулар жараат алганы туурасында айтылганы менен жергиликтүү бийлик муну жашырып жаап жатат. Буга чейин атайын түзүлгөн комиссия Москва районундагы кытайлардын ишканалары техникалык жактан талапка жооп бербейт деген жыйынтык чыгарган. Бирок кандайдыр себептер менен ишканалар жабылбай эле ишин улантып жаткан.

Күнү-түнү тынымсыз иштеп жаткан кытайлардын темир ээритүүчү ишканаларынан чыккан түтүн, зыяндуу калдыктар экологияга терс таасирин берип, жакын жашагандардын ден соолугуна да коркунуч жаратканын белгилеген тургундар бийлик ээлерине кайрылуу кылган. Анан атайын комиссия түзүлүп, ишкананын техникалык абалы да талапка жооп бербейт экендигин аныктаган. Бирок белгисиз себептерден улам жергиликтүү бийлик мыйзамсыз иштеп жаткан кытай ишканаларын жабууга күчү келбей келген.

- Алар баардык тиешелүү документтерди алып алышыптыр. Андыктан биздин чындап күчүбүз жетпей жатат. Райондун тургундары мага бир нече ирээт кайрылышты, бирок кандайча жабуунун жолун издештирип жатабыз.

Аталган ишканаларга байланыштуу “Азаттык” үналгысында бир нече ирээт берүү даярдалган. Ал аралыкта губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев, Москва районундагы кытайлардын ишканалары жабылды деп билдирген. Бирок өткөн жуманын бейшенби күнү ошол жабылды деген ишканалардын бириндеги ээритүүчу электр меши жарылган. Турусбек Султаналиев өз билдирүүсүндө “жарылуудан эч ким жабыркаган жок, азыр ишкана толук жабылып турат. Бул туурасында акимдин орун басары Жуман Орозалиев тактап келди”,- деген эле.

Бирок Москва районунан кайрылган Калык Рустамов, “Ж. Орозалиев ишканадагы жарылуудан жумушчулар жараат алган. Алардын арасында денеси күйгөндөр да бар. Алар Бишкектеги ооруканага жеткирилсе керек”,- деген.

Ал эми Москва районун акиминин орун басары Жуман Орозалиев, губернатордун орун басары Турусбек Султаналиевдин да, Москва районунун тургуну Калык Рустамовдун да айтканын жокко чыгарды. Ж. Орозалиедин маалымат берүүдөн баш тартканы туурасында губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев түшүндүрмө берип, толук маалыматты дүйшөнбү күнү таратаарын кошумчалады.

Москва районунун аймагында кытайлардын темир иштетүүчү жети ишканасы бар. Аталган ишканаларда курулуш материалдыры чыгарылат.

XS
SM
MD
LG