Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

16:00 Кыргызстандык жаш ырчыга президент 80 миң сом колдоо көрсөтөт


Өмүрбек Жанышов (сахнадагы ысымы - Омар) Эларалык жаш ырчылардын “Жаш толкун-2008” сынагынын катышуучу. Бул ыр сынак ушул айдын 23-28де Латвиянын Юрмала шаарында өтөт жана буга чейин Кыргызстандан ага эч ким катышкан эмес.
Президент тарабынан бөлүнгөн 80 миң сом каражат Омардын сынакта аткара турган программасын даярдоого көмөк катары берилгенин президенттин маалымат кызматы билдирет.
Айта кетсек, “Жаш толкун-2008” сынагына катышуу үчүн 37 өлкөдөн 8 миңден ашуун арыз түшкөн. 3 жолу өткөн тандалма кароодон 17 ырчы иргелип эми алар Юрмалага барышат. Алардын бири – кыргызстандык Омар, ал учурда Улуттук университеттин 1-курсунун студени. (GA)

XS
SM
MD
LG