Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

ТҮНДҮК КОРЕЯ ӨЗӨКТҮК ЖАЙЛАРЫН ТЕКШЕРТҮҮГӨ НЕГИЗИНЕН МАКУЛ БОЛДУ


Түндүк Корея өзөктүк жайларын керектен чыгаруу боюнча иштерди быйыл октябрь айынын соңуна карата аяктоого жана алардын жабдуулары ажыратылып, алынганын тыштан келүүчү эксперттер текшерүүсүнө негизинен макул болду. Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн Пекинде өткөн кезектеги айлампасы ишемби күнү мына ушундай келишим менен аяктады. Инспекциянын убактысы жана майда–чүйдөсү алдыда такталышы керек.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн Пекиндеги азыркы айлампасы үч күнгө созулду. Сүйлөшүүлөрдүн соңунан биргелешкен коммюнике кабыл алынды.

Кытай делегациясынын башчысы У Давэйдин жарыясына караганда, анын өлкөсү, Түндүк жана Түштүк Корея, Жапония, Орусия жана АКШ Пхеньян өзөктүк программасын токтотконун текшерүү механизмин принцибинде жактырды. Ал чаралар алты өлкөнүн эксперттери Түндүк Кореянын өзөктүк жайларына баруусун, документтерди карап чыгуусун, техникалык кызматкерлер менен маектешүүлөрдү да камтыйт.

Кытай делегациясынын башчысы кошумчалагандай, текшерүү иштерине эгер талап кылынса, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин эксперттери да тартылат.

Бирок алты өлкөнүн чабармандары текшерүү жараяны кандай жүрөрүнүн деталдарын макулдашкан жок. Бул азырынча белгисиз. Кошмо Штаттардын өкүлү Кристофер Хиллдин айтымында, алар жогорудагы маселени тактоону жумушчу топко тапшырышты:

-Албетте текшерүү механизми боюнча баары ийне-жибине чейин камтылган протоколду иштеп чыгуу - өтө маанилүү. Бүгүн эртең менен жумушчу топтун кошумча жыйыны болду. Делегациялар эми бөлүп алышкан документтерди, долбоолорду өз борборлоруна андан ары иштеп чыгуу үчүн алып кетишет. Биз протоколду мүмүкүн болушунча тезирээк аяктоого аракеттенүү үчүн ишти кайра жакынкы убакта жандандырабыз. Биз бул 45 күндүн аралыгында ишке ашуусун, анын соңунан 45 күндүн аралыгында текшерүү башталуусун каалар элек. Биз бул орундалуусу үчүн кандайдыр бир тоскоолдук жок деп эсптейбиз.

Анткен менен Түштүк Кореянын чамбарманы Ким Сук азырынча иштин эң жеңил гана бөлүгү бүттү деген ойдо.

Түндүк Корея өзөктүк программасынын алкагында иштери боюнча узактан күтүлгөн отчетун өткөн айдын соңунда берген жана негизги өзөктүк жайы – Йонбон атомдук станциясындагы муздатуучу мунарасын жардыруу аркылуу бузган.

Өзөктүк иштер боюнча отчет алты өлкө ортосунда былтыр жетишилген макулдашуунун негизги шарттарынын бири эле. Ага ылайык Түндүк Корея өзөктүк программасын токтоткон шартта, экономикалык жардам жана дипломатиялык колдоо алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG