Британиянын премьер-министри Гордон Браун бул жумада орус президенти М. Медведев менен биринчи жолу кезигип жатканда Кремлдин башчысына 2006-жылы Лондондо болгон Литвиненконун өлүмү жөнүндө маселени кабыргасынан коюуга умтулду. Жолугушуу башталар замат эле БиБиСи эфирден коопсуздук кызматынын мурдагы офицерин орус бийлиги тымызын ууландырып өлтүрүшү мүмкүн деген чубактын кунундай чубалган маселени кайрадан козгоп чыкты.
7-июлда Жапонияда Чоң сегиздиктин жыйыны маалында өздөрүнчө жолугушканда Браундун айткан доомат билдирүүлөрүн орус президенти салкын кабыл алды. Баасы асмандаган мунайзаттан казынасы кампайып жаткан Кремлдин жетекчиси Лондон менен араздашуу жараткан маселе боюнча камаарабаган түр көрсөттү.
Эки өлкөнүн ортосундагы окуяларга такай көз салып келаткан Британиянын «Экономист» журналынын редакторунун орун басары Эдвард Лукас бул кырдаалды мындай деп жоромолдойт:
"Европадагы чоң мамлекеттер Россия менен шымалана алакасын күчөтүүдө. Энергетикалык кызыкчылыгы болгон үчүн Франция, Германия, Италия Орусияга ыктоодо. Дал ушул себептүү Улуу Британия бир аз обочодо калып калбайын деп күйүп-бышып атат деп ойлойм",-дейт Эдвард Лукас.
Германия, Франция жана Италия Европа Биримдиги Орусия менен жарашкан саясат жүргүзүп жатат деп эсептешет. Биримдиктин Польша, Чехия жана Балтика бондагы өлкөлөрү эски советтик режимден көңүлү калган бойдон Кремлге карата катуурак турумду карманып келатышат.
Евробиримдиктеги мындай эки ача саясат эки жакка кошулбай ортодо турган өлкөлөрдүн да позициясына байланыштуу болууда. Швеция айрым учурда жаңы мүчөлөргө кошула калып жүрөт, айрыкча Грузия менен Орусиянын чатагына байланышкан маселеде Москвага сын көз карашта келатат. Лукастын айтымында, Улуу Британия эгерде Европада улам күүлөнүп келаткан Кремлге каршы блок жагына өтүп, бардык саясий салмагын салса, анда Европалык Биримдик менен Орусиянын ортосундагы мамиле кыйла өзгөрмөк.
"Улуу Британия Чехия, Швеция жана Польша мамлекеттеринин ортосунда пайда боло баштаган антироссиялык блокту жактайбы же жокпу деген суроо мен үчүн чынында эле олуттуу маселе",-дейт Лукас.
Британия жасап аткан кадамдар Европанын Орусияга каршы саясатын катуулатуу жөнүндө Литва, Польша сыяктуу Европалык Биримдиктин жаңы мүчөлөрү көтөрүп жаткан демилгелерге үндөш болуп жатат.
Биримдикке болочоктогу талапкер өлкөлөр катары Украина жана Молдова менен тыгыз мамиле күтүү жөнүндө Польша көтөрүп, Швеция колдоого алган демилге Европалык Биримдиктин июнда болгон жогорку деңгээлдеги жолугушуусунда колдоо тапкан эле.
Грузиянын айланасындагы кризис Европалык Биримдиктин ичинде жана Европа менен Орусиянын ортосундагы мамиледе орчундуу мааниге ээ маселе болуп саналат. Тбилисинин НАТОго жана Европалык Биримдикке кошулуу жөнүндө ой максаты Грузияны жикчил аймактары аркылуу кысмакка алып жаткан Москванын жинин ого бетер кайнатып, каршы аракеттерге күүлөнтүп таштады.