Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

ПАРИЖДЕ ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН САММИТТИ ӨТҮҮДӨ


Жер ортолук деңиз боюндагы жана Европа биримдигине кирген мамлекеттердин 40тан ашуун жетекчилери Парижде чогулушту. Франциянын президенти Николя Саркозинин демилгеси менен өтүп жаткан жыйында Жер ортолук деңиз биримдиги түзүлмөкчү. Саммитте регионалдык маселелер, анын ичинде иммиграция, айлана-чөйрөнүн булганышы талкууга алынат.

Саркози жаңы биримдик Жер ортолук деңиз аймагын тынчтыктын жана өнүгүүнүн аймагына айлантууга жардам берет деп ишенет.

Айткандай эле, бул багытта айрым жылыштар пайда болгондой. Кечээ француз президенти Сирия менен Ливан элчиликтерин ачууга макулдашышканын жар салды:

Франция үчүн бул тарыхый кадам болуп калмакчы. Сириянын президенти Башар Ассад Ливанда дипломатиялык өкүлчүлүк ачуу ниетин билдирди. Ливан да Сирияда дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачмакчы

Мындай билдирүүнү Саркози Сирия жана Ливандын мамлекет башчылары менен өз өзүнчө жолугушкандан кийин жасады.

Эки өлкө эгемендүүлүк алган 1940-жылдардан бери алардын бири биринде толук кандуу элчиликтери жок болчу.

Башар Ассаддын айтымында, Саркози анын Тегеран менен алакаларын пайдаланып, Ирандын атомдук программасына байланышкан кризисти чечүүгө жардамдашууну өтүнгөн:

Президент Саркози бул маселеде белгилүү бир ролду ойноону суранды. Адатта бизден пикирибизди гана сурашат. Бул жолу Иран лидерлери менен сүйлөшүүбүздү өтүнүштү. Биздин билишибизче, эч кандай аскерий атомдук долбоор жок. Албетте, биз Жакыңкы Чыгышта массалык кыргын салуучу куралдын болушуна каршыбыз.

Сынчылар болсо Жакыңкы Чыгыш жаңжалы өңдүү негизги маселелер боюнча мүчө-мамлекеттер талашып-тартышып келатышканын эскертип, жаңы биримдик майнаптуу боло албайт дешет.

Ливиянын президенти Муаммар Каддафи саммитти бойкоттоп, биримдикти оторчулуктун жаңы формасы деп атады.

Жыйынга катышкан лидерлер эртең Елисей талаасында өтө турган аскерий парадка жана Франциянын улуттук күнүнө арналган башка иш-чараларга катышмакчы.

XS
SM
MD
LG