Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

«ДЕ-ФАКТО» ГЕЗИТИ: ИШ СОТКО АШЫРЫЛДЫ


“Де-Факто” гезитине каршы ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкек шаарынын прокуратурасына берилген. Прокуратура ишти Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп бергени 14-июлда маалымдалды. Басылманын 10-июндагы санындагы З.Молдоева аттуу автордун коррупция темасын козгогон кайрылуусунан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин ачкан.

Иликтөө ишинин натыйжасында артынан чоң талашты чакырган чуулгандуу кайрылуунун автору Замира Молдоева аттуу автор ойлоп табылган адабий ысым, андай адам жок экенин ырасталды. Кайрылуу авторун издөө башталганда эле таап келмекчи болгон белгилүү укук коргоочунун аракетинен деле натыйжа чыкпай калганын Бишкек шаардык прокуратуранын орунбасары Айбек Турганбаев да ырастайт.

- Тилекке каршы, автордун туулган жана жашаган жери, ошондой эле табылышы мүмкүн делген көрсөтмөлөрүнөн натыйжа чыккан жок. Автордун дарегин тактоо аракетибизден эч нерсе чыкпады. Молдоева Замира деген адамды таба албадык. Бир жашка чыккан кыздардан тарта аялдарга чейин издеп, андай фамилиядагы адамды тапкан жокпуз.

Кайрылуу авторун таап келмекчи болгон белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов “Замира Молдоева” деген күбөлүгүн көрсөткөн келинди мурдагы көпчүлүк катышкан көчө жыйындан көргөнүн, бирок да чуу башталгандан кийин аны таба албай койгонун айтат. Анын пикиринде бул иштин артында чоң саясий оюндун башы кылтыйып чыгып турат.

- Оппозициянын күчү менен оппозициячыл гезитти жабыш керек болуп калды. Ошон үчүн бул атайын операция. Молдоева Замира азыр түшүнүксүз объект болуп турат. Анткени ошол Молдоева Замира деп туруп, менин - оппозициядагы активдүү Булатовдун колу менен оппозициядагы гезитти жаптырыштын аракети болуп жатат.

Ушундай эле пикирди Коомдук парламенттин дагы бир мүчөсү Б.Чондоев да бышыктады.

- Күбөлүгүн көрдүм деп жатпайбы. Демек ал болгон нерсе. Бирок өздөрү уюштурду. Уюштурбаган күндө да ал кишинин чочутуп салышты да. Өзү барып жолуккан кишисин камап жатса мени да камайт деп, мүмкүн ал келин чет өлкөгө эле чыгып кеттиби деп ойлоп жатабыз. Эгер жанагындай атайын операция болбосо ал ушинтиши деле мүмкүн.

“Де-Факто” гезитинин айланасындагы аягы көрүнбөгөн талаштын, басылманын улам-улам сотко берилишинин чоо-жайын белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов мындай жагдайга салыштырат.

- Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги президенттик системанын баары диктатордук системанын жумшак түрү. Авторитардык система деп аталат. Алар эч качан башка ойду уккусу келбейт. Башка адамдардын ушул коомдун өнүгүшү тууралуу жасаган кадамдарын жактырбайт.

“Де-Факто” гезитиндеги мына ушул чулгандуу материал жарыяланардан аз илгери Бишкектин Биринчи Май райондук соту Асылбек Салиевдин адамдык ариет ар намысына шек келтиргендиги үчүн деп басылмага 1 миллион сом айыппул салган. Райондук сот чечимине нааразы болгон гезит редакциясы Бишкек шаардык сотко аппеляциялык арыз жолдогон. Басылмага каршы кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралмакчы.
XS
SM
MD
LG