Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

ОБАМАНЫН КАРИКАТУРАСЫ ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАРАТТЫ


Даниялык гезитке байланышкан жаңжал тынчый баштагансыды эле, америкалык “Нью-Йоркер” журналы жаңы талаштуу карикатура басып чыгарды. Бул жолу тамаша сүрөттө АКШнын президенттигине талапкер, демократ-сенатор Барак Обама жана анын жубайы куралчан, террорчулардын келбетинде тартылган. Журнал сүрөттү Обама жөнүндөгү айың-кептерге сатира катары бааласа, сенатордун штабы карикатураларды “жагымсыз жана кемсинтүүчү” деп сыпаттады.

Сүрөттө мусулмандардын киймин кийген Обама Акүйдө отурат. Аялы Мишел камуфляжчан, ийнине Калашников автоматын илип алган. Очокто америкалык желек күйүп жатат, тамдын боорунда болсо “ал-Каиданын” ана башы Усама Бин Ладенге окшогон адамдын сүрөтү илинип турат. Обама түгөйү менен муштумдарын тийгизип, учурашууда. Сенатор демократтардын ич ара жарышын жеңген түнү жубайы менен дал ошентип бири-бирин куттукташкан.

Журналдын ырастоосунда, карикатура Обама тууралуу айтылып жүргөн айың-кептерге сатира катары тартылган. Маселен, христиан Обаманын экинчи аты – Хусейн, аны кээ бирлер тымызын мусулман деп жүрүшөт. «Демек, ал терроризмге жумшак мамиле кылышы ыктымал»,- деп болжолдошот сенатордун оппоненттери.

Обаманын үйбүлөсүн патриот эмес дегендер да жок эмес. Муштумдарын тийгизип саламдашууну болсо Фокс каналынын алып баруучусу “террорчулардын жаңдоосу” деп атады.

“Нью-Йоркердин” редактору Дэвид Ремник азил сүрөттү мындайча чечмеледи:

- Мен Обаманын шайлоо штабы же башка арызданып жаткан эл же тескерисинче, сүрөттү колдоп жаткандар болобу, бардыгынын пикирин урматтайм. Мен карикатура менен эмнени көздөгөндүгүбүздү гана айта алам. Сүрөт “Коркуу саясаты” деп аталган. Аны менен Обамага сокку ургубуз келбейт. Тескерисинче, ал сенатор жөнүндө калпты айтып, манипуляциялап жаткандарга каршы багытталган.

Бирок бардыгы эле сүрөтү тамаша катары кабыл алган жок. АКШнын тарыхында президент болууга умтулуп жаткан алгачкы афро-америкалык Обама өзү эч кандай комментарий жасаган жок.

- Мен эч нерсе деп жооп бере албайм,- деп чектелди Обама.

Анын басма сөз өкүлү Билл Бөртен болсо иллюстрацияны “кемсинтүү” деп сыпаттады. Обаманын атаандашы, республикачылдардын кандидаты Жон Маккейн да ушундай эле пикирди карманат:

- Мен сүрөттү телевизордон гана көрдүм. Ал орунсуз деп ойлойм. Сенатор Обама жана тарапкерлери карикатураны шылдыңдоо деп бааласа, мен аларды түшүнөм.

Баса, бир нече апта мурун Обаманын штабы ага каршы ой-пикирлерди билдирүүнү каалагандар үчүн атайын сайт ачкан.

XS
SM
MD
LG