Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

САПАР БИР КҮНДҮК, МАСЕЛЕЛЕР БОЛСО АР КЫЛ


16-июлда президент Курманбек Бакиев бир күндүк иш сапар менен Москвага барды. Кыргыз президентинин Россия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды тереңдетүү багытында сүйлөшүүлөр өткөрөөрү белгиленүүдө.

Президенттин маалымат кызматы Курманбек Бакиевдин Москвага жумуш сапары тууралуу кыска гана маалымат берип, кеңири маалымат сапардын жыйынтыгында берилерин айтууда. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов да маалымат сапардын жыйынтыгында болоорун билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарым-укуктуу элчиси Раимкул Аттокуров президент Курманбек Бакиевдин сапары бир күнгө созулуп, бүгүн соңуна чыгаарын айтып, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде энергетика, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелер бар экенин белгиледи:

-Алар дагы. Экономика жагы, гумантардык маселелер жагы бар.

Элчинин айтымында, Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев бул жумуш сапар боюнча Астанадагы жолугушууда макулдашышкан. Кыргызстан Россияны негизги стратегиялык өнөктөш катары тутат. Бирок эки өлкө көптөн бери чече албай келаткан, тагыраак айтканда, Кыргызстан чече албай келаткан маселелер бар. Алардын арасында Кыргызстандын Москванын алдындагы 192 миллион 743 миң доллар карызы, орус инвестициясын ГЭС курулуштарына тартуу сыяктуу маселелер бар. Карыздын үстөк пайызы ай сайын өсүүдө, маселен акыркы айларда эле ал 1 миллион 229 миң долларга көбөйгөн.

Мындан сырткары Кыргызстан акыркы мезгилде өтө татаал проблемаларга туш болууда. Ал газ, күйүүчү май, азык-түлүккө баанын кескин көтөрүлүшү. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстан 800 мин тонна дан түшүмүн алат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн кошумча дагы 300 миң тонна буудай керек. Албетте, бул маселелерден сырткары КМШ саммитин өткөрүү маселеси да жолугушуунун күн тартибинде болушу ыктымал. Анткени КМШга төрагалык кылуу кезмети азыр Кыргызстанда жана октябрь айында Бишкекте саммит болот.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, Курманбек Бакиев мындан он күн мурун Астанада, ага чейин Санкт-Петербургда Дмитрий Медведев жолугушкан. Анан азыркы жолугушуу эмне максатта экени табышмактуу:

- Он күн мурун Астанада Медведев менен бейформал түрдө жолугушкан. Ошол жерде бул жумуш тууралуу макулдашылган болсо, ошол жетисинде келгенде эле айтышмак. Президент 16-июлда Москвада бир күндүк иш сапар менен болот деп, адатта эл аралык саясатта мына ошондой тартип да. Бул жерде эми кандай болуп кетти билбеймин. Табышмактуу дипломатия болуп калды.

Саясат таануучу Валентин Богатыревдун айтымында, эки тарап төмөнкү маселелерди талкуулашы ыктымал:

- Ал жерде энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери талкууланышы ыктымал. Россиядан бизге, же биздин продукцияны Россияга сатуу маселелери көтөрүлүшү мүмкүн. Бул маанилүү маселелер. Ал эми Астанадагы жолугушуулардын форматы, максаты башка болгон. Бул Курманбек Бакиевдин Дмитрий Медведев президенттик кызматка киришкенден берки алгачкы жумушчу сапары.

Кыргызстандын тышкы карызы демекчи, аны төлөөнүн бир канча жолун Кыргызстан сунуштаган. Анын ичинде карыздын ордуна Бишкектеги аскерий заводдордун акциясын берүү аталган. Бирок ал ар кандай себептер менен ишке ашпай келатат.

Коңшулаш Тажикстан болсо Россияга 305 миллион долларлык карызын кечүүгө жетишти. Эки тараптуу келишимге ылайык, Тажикстандагы космостук байкоо жүргүзүүчү “Нурек” оптика-электрондук комплексин Дүйшөмбү Москвага өткөрүп берет. Анын ордуна Москва Тажикстандын 242 миллион доллар карызын кечет.

Кыргызстанда да Россиянын бир нече аскерий обьектери бар. Бирок аларга төлөмдөр төмөн экени белгиленип келет. Ал эми Канттагы аскерий база үчүн Кыргызстан коммуналдык жактан кол кабыш да кылууда. Бул маселелер Курманбек Бакиевдин бир күндүк сапарында кандай талкууланат - азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG