Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

17-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жети-Cуу областынын аскер губернатору Г. А. Колпаковский Токмок уездине качкан кыргыздарды кайрадан Анжыянга көчүрүү туурасында буйрук берген. 1927-жылдын бул күнү Кыргыз атчандар кавалериясы экиге бөлүнүп машыгуу ишин башташты.

Жети-Cуу областынын аскер губернатору Г. А. Колпаковскийдин 1874-жылдын 17-июлунда Кокон ханы Худаярга жазган катында, хандыктан Токмок уездине качкан кыргыздарды кайрадан Анжыянга көчүрүү туурасында буйрук бергенин билдирген. Мунун алдында анжыяндык кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшүп, Худаяр хандын куугунтугунан качып Токмокко келишкен.


1927-жылдын бул күнү кыргыз атчандар кавалериясы экиге бөлүнүп машыгуу ишин башташты. Биринчи топ Фрунзеден чыгып, Воронцовка айлын көздөй бет алса, экинчи топ Лебединовка айылында топтолушкан. Кыргыз атчандар кавалериясы бир эле убакта аскердик-тактикалык машыгуу менен бирге, Советтер союзунун коргоо мүмкүндүгүн чыңдоо боюнча агитациялык иштерди жүргүзгөн. Мындан тышкары бирикменин негизги максаты, өлкө аймагында күч алган басмачылык кыймылга каршы аскердик даярдыкты арттырууну көздөгөн.

1918-жылдын 17-июлунда РСФСР Элдик комиссарлар кеңеши Түркстан Советтик мамлекетине жардам көрсөтүлөөрүн кабарлаган телеграмма жөнөткөн. Телеграммага В. И. Ленин кол коюп, анда революциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу тамак-аш тартыштыгы чыгып, контрреволюциячыл күчтөр аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгы жана аны жою үчүн Совет бийлиги чукул чара көрө тургандыгы кабарланат.

1934-жылдын бул күнү Кыргыз обком ВКП (б)сы Союздук ВКП (б) Борбордук Комитетинин июнь пленумунда каралган башталгыч жана орто окуу жайлары туурасындагы чечиминин аткарылыш маселесин талкуулады. Мындан тышкары, Кыргызстандагы оруп-жыюу өнөктүгү, эгин жана мал чарбасын өнүктүрүү сыяктуу көйгөйлүү проблемалардын түйүнү чечилген.

Бул күнү, 709-жылы Кытайда биринчи жолу күндүн толук тутулушу кагазга түшүрүлүп, 1744-жылы америкалык саясатчы Жерри Элбридж, 1846-жылы атактуу саякатчы, этнограф Николай Николаевич Миклухо-Маклай, 1876-жылы советтик дипломат Максим Максимович Литвинов, 1889-жылы америкалык жазуучу Эрл Стенли Гарднер, 1942-жылы жазуучу Жуматай Шаршеев жарык дүйөгө келип, 1975-жылы «Союз» менен «Аполлон» космосто биригишкен.
XS
SM
MD
LG