Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

ИЗРАИЛЬ МЕНЕН “ХЕЗБОЛЛА” ТУТКУНДАРДЫ АЛМАША БАШТАШТЫ


Израиль жана ливандык шийлердин “Хезболла” кыймылы туткундар менен алмаша башташты. “Хезболла” Кызыл чырым уюмуна 2006-жылы кармалып кеткен эки жөөт аскердин сөөгүн тапшырды. Ал үчүн Израиль ливандык 5 туткунду кайтарууга тийиш.

Таңга маал ливандык 5 туткунду ташыган чакан автобус Израиль менен Ливандын чегарасына багыт алды. Бир нече сааттан кийин “Хезболла” эки кара табытты Кызыл чырым уюмуна тапшырды. Ошентип, 2 жыл илгери кыймыл тарабынан кармалып кеткен Эхуд Голдвассер жана Элдад Регев тирүү деген үмүт үзүлдү.

Бирок сөөктөр чындап эле жөөт аскерлерине таандык экени бышыкталганда гана Израиль ливандык туткундарды өткөрүп берет.

- Бул – абдан кайгылуу күн. Акыркы мүнөткө чейин жоокерлер же жок дегенде бирөө аман болсо экен деген үмүт бар эле. “Хезболла” өңдүү таш боор адамдар эки жылдан бери алардын бар жоктугун айтуудан баш тартып келишти. Жоокерлердин жакындары эки жылдан бери белгисиздиктен азап тартып жүрүштү,- деди Израилдин тышкы мекемесинин басма сөз катчысы Арие Мекел.

Голдвассер менен Регевдин рейд учурунда уурдалышы 1 айга созулган согуштун тутанышына алып келген. Жөөт кабинети жоокерлердин үй-бүлөөлөрүнүн кысымына моюн сунуп, үстүбүздөгү аптада туткундарды айрыбаштоого макул болду.

Бирок бул кадам талаш жаратпай койгон жок. Израиль бошото турган туткундардын бири – Самир Кантар мындан 30 жыл мурун бир нече израилдикти, анын ичинде 4 жашар кызды өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө кесилген. Өкмөттүн бул багыттагы иш-аракеттерин сындагандар Израиль өтө чоң акы төлөп жатат, жоочулар эми туткундалган жөөт аскерлерин тирүү кармоонун кажети жок деп ойлоп калышы ыктымал дешет.

Башкалар болсо бул кадамды оор болгону менен, качып кутулбас деп эсептешет.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мекел мындай дейт:

- Бул тууралуу ар кыл пикирлер айтылууда. Бирок өкмөт аны оң чечти. Биринчиден, биздин динибиз, баалулуктарыбыз, маданиятыбызга ылайык, өлгөн же тирүү болобу, эч кимди калтырбаш керек. Экинчиден практикалык жагы да бар. Ар кандай салгылашууларга тартылган жоокерлерибизге эмне боолбосун, алар унутулбайт, аларды үйгө кайтарабыз деген ишара кылгыбыз келет.

Израилде кайгы өкүм сүрсө, Ливанда кадимкидей майрамдык маанай үстөмдүк кылууда. Бейрут өкмөтү бүгүн улуттук майрам жарыялады. Азат кылынган 5 туткунду президент Мишел Сулейман жана премьер-министр Фуад Синиора кабыл алышат деп күтүлүүдө. Жер-жерлерде байрактар менен ураандар желбиреп турат. Накура шаарындагы дүкөн ээси Мохаммад Дахер сүйүнүчүн жашырбайт:

- Бул – бүтүндөй Ливан, бардык араб өлкөлөрү үчүн жеңиш. 1970-жылдардан бери кала берген туткундарыбыз менен шейит кеткендердин сөөктөрүн кайтарышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG