Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

ПРЕЗИДЕНТ УШУЛ КҮНДӨРҮ ПИКЕТ-МИТИНГДЕРГЕ “ЖООП” КАЙТАРАТ


Эларалык “Human Rights Watch” уюму кыргыз президентин тынч митингдер тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырды. Аталган уюмдун ишениминде, бул мыйзам алдын ала кыргыз коомунда кеңири талкууга алынбай эле шашылыш түрдө кабыл алынган жана адам укуктарын олуттуу түрдө чектейт. Бирок мыйзам долбоорунун автору Исхак Масалиев “өлкөдө оор социалдык абал учурунда баш аламандык болбош үчүн” пикет-митингдерге “убактылуу” чектөө коюш керек, деп эсептейт.

“Human Rights Watch” уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн аткаруучу директору Холи Картнер кыргыз президенти Курманбек Бакиевди мыйзам долбооруна вето салууга чакырды.

Биз ал мыйзам долбоорунун автору, депутат Исхак Масалиевке кайрылдык. Депутат баары бир “азырынча” Кыргызстанга мындай мыйзам керек деп эсептей турганын айтты. Анткени азыркы элдин социалдык оор абалын эске алганда, эркин митинг-пикеттер оппозицияга элди толкутууга жакшы мүмкүнчүлүк берет:

- Биз, мынакей, бир жума бою түштүктө болуп келдик. Эл бүт жерде суу жетишпей жатканын, кемчиликтер көп экенин, кымбатчылыкка кабатыр экендиктерин айтышууда. Мындай учурда толук эркиндик берип койсок, башаламандык болуп кетеби деп коркуп жатам. Демократия деп олтуруп, мамлекетибизди жоготуп албайлы. Себеби оппозициянын ичинде көпчүлүк азыр элди ойлогон жок, алар бийликти алуунун жолдорун ойлоп жатышат.

Тетирисинче, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, бул мыйзам долбоору бийликтин эл алдында ачык суроолорго жооп бере албай жаткандыгынан болуп жатат. Андыктан бийлик элдин нааразычылыгы күчөйт деп коркуп турган чагы.

- “Убактылуу” мыйзамдын кереги жок. Бул дегени - кайра эле бийликтин жоопкерчиликтен качуусу. Көрүп турасыңар, азыр социалдык-экономикалык кризис, тамак-аш кризиси болуп турат. Эртеңки күнү элдер ошону талап кылып чыкпаса экен деп коркуп жатышат. Бирок бийлик ошону үчүн бийлик да, ал эл алдында кырдаалга карата так жообун бериши керек да. Менимче, бүгүн кимдир бирөө барып эле бийликтин креслосун тартып алайын дебесе керек. Эгерде андайлар болсо, конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирем десе, аларды жазалай турган Кылмыш кодекси бар. Ал эми социалдык проблемаларын айтып чыгам деген жөнөкөй элден коркуштун кереги жок,- деди Азиза Абдрасулова “Азаттыктын” 9-июндагы “Ыңгайсыз суроолор” программасына катышкан учурда.

Элдердин тынч митингдерге чогулууга укугу жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламент 13-июнда жактырган жана ал президентке кол коюуга бир аптадай убакыттан кийин жиберилген. Эреже боюнча президентке кол коюу үчүн түшкөн мыйзамга мамлекет башчы бир айдын ичинде же кол коюш керек, же аны кайра кароого жибериши мүмкүн. Бүгүн 16-июль экенин эске алганда, демек, президент ушул күндөрү аталган мыйзам боюнча өз пикирин билдириши керек.

Пикет-митингдер боюнча мыйзам долбооруна президент вето салышын суранып, буга чейин кыргыз Омбудсмени баш болгон бир топ укук коргоочулар да кайрылышкан.

Дегинкиси, Кыргызстан соңку жылдары “пикет-митингдердин өлкөсүнө” айланып калганы эларалык эксперттер тарабынан көп эле айтылып жүрөт. Буга мамлекеттеги саясий бейстабилдүлүк көп эле себеп болуп келди. Эми, аналитиктердин айтымында, азыркы азык-түлүк каатчылыгын эске алганда, тамак-ашка жетише албаган эл күзүндө кайра толкушу мүмкүн. Ошондуктанбы, айтор, азыр аталган мыйзам долбоорун жактырып жаткандар да, ага каршы болуп жаткандар да бир эле аргументтин тегерегинде талашып, бирок орток пикирге келе албай жатышкандай.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG