Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

ЖӨЖӨНҮ КҮЗДӨ САНАЙТ


2005-жылдан бери Бишкек шаар башчылыгы 4 ирет алмашылды. Үч жыл ичиндеги 5-шаар башчысын Бишкек шаар кеңешинин депутаттары 17-июлда жашыруун добуш менен бир добуштан шайлашты. Жаңы шаар башчысы саясатка караганда чарба иштери менен көбүрөөк алектенерин, аракетинин натыйжасын тараза аркылуу жалпыга жарыя кыла тургандыгын маалымдады.

Тараза демекчи, Улуу Британияда шаар башчы шайланганда жана кызматынан бошотулганда таразага түшмөй жөрөлгөсү бар экендигин Бишкек шаар кеңешинин кезексиз жыйынында Нариман Түлеев айтып берди.

- Эгер шаар башчысы арыктаса эл аны жакшы иштеген экен дешет. Темиржол башчылыгында мен эки жарым жыл иштеп төрт кило арыктапмын. Ошон үчүн мен сөзсүз таразага түшөм. Кызматтан кетип жатканда да тартылам,- деп убада кылды ал.

А бирок үч жыл ичинде бешинчи ирет алмашылып жаткан башкалаа жетекчилерин траазага тартып, так салмагын аныктоого кызыккан деле киши болбоду окшойт. Анын себеп-жөнүн Бишкек шаар кеңешинин депутаты Мухтарбек Өмүракунов саясий жагдайга байланыштуу деп эсептейт.

- Буга чейинки шаар башчылары саясатка жакын болчу. Алар саясий фигура, саясат менен көбүрөөк байланыштуу болгондугунан, буга кошумча өлкөдөгү абалдан улам алар көп алмашылды деп ойлойм. Мына бүгүн көрдүңүздөр 43 депутат катышты. Мынчалык депутаттын сессияга толук келгени менин эсимде жок. Анан дагы алардын 100% колдогону да эсимде жок. Бул жагынан өзүнчө бир рекорд болду.

Антип улам-улам шаар башчысын шайлоодон тажаган Бишкек шаар кеңешинин депутаты Геннадий Шилов мамлекет башчысы деле иштемчил жетекчилерди улам-улам алмаштыра берүүсүн токтотусун өтүндү.

- Н.Түлеев чарбачыл адам экенин айтышууда. Биз баарыбыз аны кодлойбуз деп ишенем. Дагы беш-алты айдан кийин аны иштен алып коюшпасын. Иштесин, чарбачыл адамдар бизге керек. Шаар башчысы жакшы иштесе көп нерселер аткарылат. 5 – 6 айдан аны алмаштырса баары кайрадан башталат. Президент да аны түшүнүп, тез-тез алмаштыра бербесин.

Бишкек шаар кеңешинин депутаты Нуржамал Байболова жаңы шаар башчысынан көптөн бери миш-миш болуп келаткан 500 миллион сомдун дарек-дайнын тактап беришин өтүндү.

- Мен ошол суроо-талабымды бүгүн да жаңы шайланган шаар башчысынын алдына койдум. Эгер андай факт бар болсо, шаардын бюджетинен 500 миллион сом уурдалып кетти, деген бул чоң чатак го.

Айрым депутаттар белгилеген жер маселесинен тышкары деле шаардагы коомдук унаа, жыртык көчөлөрдү жамачылоо, таштандыларды тазалоо сындуу толгон-токой чарбалык маселелер туру. Алардын баары менен таанышып чыккандан кийин жаңы шаар башчысы журналисттердин суроолоруна жооп бере тургандыгын билдирди.

- Мен азыр убада кылып бир нерсе айтпай эле коеюн. Өзүңөр көрөсүңөр, өзүңөр угасыңар. Кудай буюрса бир-эки айдан кийин өзүңөр дагы көрөсүңөр.

Сүрөт "www.foto.kg" интернет сайтынан алынды.

XS
SM
MD
LG