Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

ЖАҢЫ ШААР БАШЧЫСЫН САЯСАТЧЫЛАР САЛМАКТАШАТ


17-июлда Бишкек шаардык кеңеш тарабынан борбор шаардын мэри болуп, Нариман Түлеев шайланды. Түлеевге атаандаш катары мэрдин орун басары Олег Тарбинскийдин талапкерлиги да көрсөтүлүп, бирок ал өзүнүн талапкерлигин Түлеевдин пайдасына алып койду. Саясатчылар, адистер арасында жаңы шайланган мэрди “чарбачыл, шаар түйшүгүн, жүгүн көтөрө алат” деген пикирлер айтылууда. Бирок “жаштык кылып, шаар көйгөйлөрүн чече албайт” же "2005-жылы ак шапкечендерди уюштурган" деген сын пикирлер да бар.

Президенттин жардыгы менен Нариман Түлеев 7-июлда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кечээ 17-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 43 депутаты бир добуштан мэрдик орунга Нариман Түлеевди шайлады. Жаңы шайланган мэр тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.

Экс-премьер- министр жана Бишкек шаарынын мурдакы башчысы Амангелди Муралиевдин пикиринде Нариман Түлеев, аз сүйлөп көп иштеген сапаты менен айырмаланып, саясатка аралашпаганы менен мэрлик кызматтын жүгүн көтөрө алат:

-Наримандын чарбачылык тажрыйбасы абдан зор. Бишкек шаары да негизинен чарбачылык комплекс. Унаа тейлөөсү, коммуналдык чөйрөсү, турак жай маселелери, курулушу, базарлары жана башка маселелери бар дегендей. Мага жаккан сапаты көп сүйлөбөйт. Ал ишке жакын.

“Замандаш” партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Мухтарбек Өмүракунов НариманТүлеевдин бул кызматка көрсөтүлүшүнө, анын темир жолдогу жакшы иши себеп болгонун белгилеп, шаардын айланасындагы жаңы конуштарга көңүл бурса деген тилегин айтты:

- Убагында Орусияга Кыргызстандын поезддери менен көп каттап жүрүп, бул тармактын ал- абалын абдан жакшы билем. Техникалык, санитардык жана тейлөө абалы абдан начар болчу. Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддери жүк ташуучу поезддерден айырмасы жок эле. Нариман Түлеев Кыргызстандын темир жол ишканасын келгени эки жылда чоң өзгөрүүлөр болуп, оңдоп койду. Бул жигит абдан чарбачыл экен. Анын үстүнө саясаттан алыс тура. Бишкек ушундай чарбачыл жетекчиге муктаж болуп турган. Эми Бишкекти чептей курчап турган жаңы конуштарга көңүл буруп, көйгөйлөрүн чечип берсе дейм. Биз дагы жардам беришип, чогуу иштешибиз керек.

“Дордой базары” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчиси Самарбек Жапаракуновдун пикиринде Нариман Түлеев “Кыргыз темир жолу” ишканасын эки жылда жакшы деңгээлге көтөрдү:

- Буга чейинки шаар башчылары саясатка жакын болчу. Алар саясий фигура, саясат менен көбүрөөк байланыштуу болгондугунан, буга кошумча өлкөдөгү абалдан улам алар көп алмашылды деп ойлойм. Эми Нариман Түлеев Кыргыз темир жолун оңдогон сыяктуу эле, Бишкекти да оңдоп ишти алып кете алат деп ишенем.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Билил Чыныбаевдин пикиринде кийинки үч жыл аралыгында бешинчи ирет мэр алмашылып, шаардын көйгөлүү маселелери чечилбей келатат:

- НариманТүлеев чарбачыл адам экен. Биз баарыбыз аны бир добуштан колдоого алдык. Дагы беш-алты айдан кийин аны да иштен алып коюшпаса болгону. Иштесин, чарбачыл жетекчи шаар үчүн адбан керек. Шаар башчысы жакшы иштесе көп нерселер аткарылат. Шаарда толгон көйгөйлүү маселелер бар. Аны чечүүгө жок дегенде 2-3 жыл мөөнөт бериш керек.

Жогорку кеңештин мурдакы депутаты, ишкер Талгарбек Момуналиев шаардын жаңы башчысы иштин көзүн билип, шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечип берээрине ишенээрин “Азаттыка” билдирди.

Мындай пикирлерге “Эркиндик” партиясынын мурдакы төрагасы, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев караманча каршы. Анын айтымында президент Курманбек Бакиевдин кадр саясаты эки бутунан тең аксап, командасы жоктугунан 2005- жылы марттагы ыңкылапка каршы ак шапкечендерди уюштургандардын бири, Нариман Түлеевди шаар башчысы кылып олтурат:

- Курманбек Бакиевдин кадр саясаты эки бутунан тең аксап турат. Учурда анын командасы жок. Ал эми Нариман Түлеев 2005- жылы марттагы ыңкылапта революционерлерге каршы ак шапкечендерди уюштургандардын бири болгон. Учурда ыңкылапка каршы тургандардын көбү- акаевчилер кайрадан эле бийликке келип калышты. Анын ичинде Түлеев мырза да бар. Нариман Түлеевдин кыйратып иштеп жиберген эмгегин эч ким билбейт.

“Ак Босого” жаңы конушунун тургуну Мурана Абдрасулованын пикиринде, шаардагы коомдук унаа, жыртык көчөлөрдү жамачылоо, таштандыларды тазалоо, жаңы конуштардын көйгөйлөрү сындуу толгон-токой чарбалык маселелерди жаңы мэр Нарима Түлеев чече албайт.

Ал эми мэр катары журналисттерге берген алгачкы маегинде НариманТүлеев көп сүйлөгөндү эмес, көп иштегенди жакшы көрөрүн айтып, “иштин натыйжасын 1- 2 айда байкайсыңар”,- деди.

- Мен азыр убада кылып бир нерсе айтпай эле коеюн. Өзүңөр көрөсүңөр, өзүңөр угасыңар. Кудай буюрса бир-эки айдан кийин өзүңөр дагы көрөсүңөр.

Сүрөт "www.foto.kg" интернет сайтынан алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG