Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

ВАШИНГТОН ИРАНДА РАСМИЙ ӨКҮЛЧҮЛҮК АЧКАН ЖАТАБЫ?


Кубат Чекиров, Прага Вашингтон 30 жылдан бери биринчи жолу Иранда дипломатиялык өкүлчүлүк ачканы жатат. Бул жөнүндө Британиялык «Гардиан» жана башка гезиттер жабыла кабар таратышып, бул августта расмий жарыя боло турган чечим экендигин билдиришүүдө. Мамлекеттик Департамент мындай кабарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

The U.S. daily ‘The New York Times’ гезиттери дагы Иранга америкалык дипломаттары жиберүү идеясы талкууланганын ырасташууда, бирок кандай чечим кабыл алынганын так айтышпайт.

Басма сөздөгү билдирүүлөр Ирандын өзүнөн келип аткан жумшак кабарларга үндөш болуп жатат. Ирандын президент Махмуд Ахмадинеджад мындан мурдараак кабарчыларга «элдердин ортосунда мамилелерди чыңдоого жардам бере турган кадамдарга дайыма колдоо болорун» белгилеп, бирок Вашингтондон эч кандай расмий сунуш боло электигин айткан эле.

Бул маанайдагы сөз экинчи жагынан өткөн айда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райсдын билдирүүлөрү менен жалгашып турат. Кондолиза Райс « Биз АКШга ирандыктардын көп келишин каалайбыз, биз ирандыктарды өзүбүзгө тартууга умтулабыз», деп айтканы бар эле.

Эгер АКШ Тегеранда дипломатиялык өкүлчүлүк ача турган жолго баратса, америкалык дипломаттар Иранга 1979-жылкы ислам революциясынан кийин биринчи жолу кайтып келмекчи. Бирок бул дипломатиялык мамилелер калыбына келди дегенди али билдирбейт.

Кошмо ШтаттаР менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер америкалык дипломаттар барымтага алынып бошотулгандан кийин үзүлгөн. Ошондон бери Тегеран менен Вашингтон касташып келатат, АКШ Иранды Израилге сокку жасоону максат кылган террордук уюмдарды жең ичинен колдоп, тымызын өзөктүк курал жасап жатат деп айыптап келатат.

Ошентип Буштун администрациясы жакында Иранга карата мамилени олуттуу түрдө өзгөртө турганын жарыялаган жолдо алгачкы кадамдарды баштоо алдында турат. Ушул аптанын аягында 19-июлда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уилям Бернс Европалык Биримдиктин тышкы саясаты комиссары Хавер Соланага кошулуп, Ирандын Швейцариядагы өкүлү Саед Жалили менен Женевада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ак үйдүн өкүлү Дайн Перино 16-июлда Вшингтондо болгон брифингде Женевадагы сүйлөшүүлөргө америкалык өкүлдүн катышканы жатканын ырастаган болчу.

«Биз бул проблеманы дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуп жатабыз. Биз өзүбүздүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешип жатабыз, ишембиде эмне кылуу керек жөнүндө. Бирок биз карманган негизги принцип – эгерде Иран уран байытууну токтотпосо эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт»,- деп билдирди Ак үйдүн өкүлү Перино 16-июлда Вшингтондо болгон брифингде.

Бернс ошентип Ирандык өзөктүк программасы жөнүндө Тегеран менен Европалык Биримдиктин үч өлкөсү Улуу Британия, Германия, Франциянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катыша турган биринчи америкалык дипломат болуп калмакчы.
Алар Тегеранды уран байытуунун токтотууга дагы бир жолу көндүрүүгө аракет кылып көрөрүн Солана шаршемби күнү билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG