Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

ОРДОЛУУ ОШ, ТӨРТ АДАМДЫН ЖАНЫН АЛГАН КАНДУУ КОЛ САЛУУ


Ошто белгисиз канкорлордун колунан чогуу ажал тапкан МАИнин эки кызматкеринин, ошондой эле наркологдун жана айдоочунун сөөгүн жерге беришти.

Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыповдун айтуусунда, 17-июль күнү саат 8.00 чамасында Ош шаардык милициясына суук кабар келип түшкөн.

- Таңга маал эртең менен саат сегиздер чамасында “Тико” автомашинасын ушул көчөдө жашагандар көрүп, милицияга кабарлашкан. Машинанын ичинен төрт адамдын өлүгү чыкты. Экөө тилекке биздин түнкү топто иштеген МАИнин кызматкерлери болуп чыкты. Экөө тең старшина. Экөө болсо бирөө дарыгер, экинчиси ошол машинен ээси экен.

Жеңиш Жакыпов учурда өзү башында турган опертивдүү топ уюшулуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады:

- Азыр иш аракеттер башталып, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.

Жырткычтык менен өлтүрүлгөн төрт жарандын аты-жөнү аныкталгандыгын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришти. Ош шаардык мамлекеттик автоунаа инспекциясынын кызматкерлеринин бири Каныбек Асранов, 28 жашта, экинчиси, Мунарбек Сактанов, 25 жашта эле. Ал эми Ош облустук наркологиялык диспансеринин дарыгер-наркологу Жалал Хамилов 53кө чыкса, таксист Нурбек Касымов 36 жашка караган чагы болчу. МАИнин өкүлдөрү 16-июлдан 17-июлга оогон түнү кызматтык күзөттө табелдик куралчан турушкан. Тилекке каршы, экөөнүн тең жанынан куралы табылган жок. Тескерисинче, тинтүү убагында «ТИКО» машинасынан «ПМ» тибиндеги тапанчанын октору чыккан. Эң кейиштүүсү божомолго караганда белгисиз канкорлор төртөөнү тең адегенде кыйнап, анан башка атып өлтүрүшкөн. Жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматов бул окуя биринчи эместигин белгилеп, жаналгычтар жазасыз калса, кесепети чоң болоорун эскертти.

- Бул Ош аймагында милиция кызматкерлерине биринчи кол салуу эмес. Буга чейин милициянын офицери да атылып кеткен. Өзгөчө Ош аймагында наркотикалык зат ташыгандар көп жүрөт. Андыктан милиция кызматкерлеринин бул жерде иштөөсү өтө кооптуу жана эки эсе жоопкерчиликти талап кылат. Ошондуктан мындай иштерди кылдат иликтеп, жазалаш керек. Мындай иштер жазасыз калса өлкөгө жакшы нерсе алып келбейт.М илиция кызматкерлердин өзү атылып жатканы бул бизге чоң коңгуроо.

Ош шаардык милициясынан кабарлашкандай, жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголду. Оперативдүү тергөө тобу өлүмгө баңги же криминалдык топтор чатагы, диний-экстремисттик «Хизб-ут-тахрир» партиясынын таасири өңдөнгөн жүйөөлөр себеп болушу ыктымал деген версияларды караштырууда.

XS
SM
MD
LG