Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

УКУК КОРГООЧУЛАР НАРЫНДА ЧОГУЛУП, АДАМ УКУКТАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ


Нарын шаарында “Адам укугу жана эрикиндиги” аттуу укук коргоочулардын республикалык алгачкы аймактык конференциясы болуп өттү. Жер-жерлерден келген укук коргоо жайлардын өкүлдөрү өлкөдө адам укуктары басмырланууга алынып жаткан учурлар арбыгандыгын белгилешти. Ал эми өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбек Акун кырдаалды биригүү аркылуу гана ишке ашыруу керек деп эсептейт. Ошондой эле ал саясат айдыңындагы окуяларды президент Курманбек Бакиевдин айланасындагылар жасап жаткандыгын билдирди.

«Адам укугу жана эркиндиги» аттуу алгачкы аймактык конференциянын негизги максаты «Акыйкатчы» институтунун ишмердүүлүгүн жер-жерлерде өркүндөтүү, жарандардын укуктарын жамы журтка биргелешип коргоо экендигин белгилеген акыйкатчы Турсунбек Акун оболу башкаруу аппараттарынын санын кескин кыскартуу жүрүп жаткандыгын билдирди.

-138 адамдан 63 адамды жумуштан кетирдик, кыскарттык. Акүйдөн, көкүйдөн чыгып жатышат. Тигинин тууганы бар экен, мунун тууганы бар экен. Өтө чоң коңгуроолор болду бирок, мен айттым кимдин канчалык колдогондору болсо ошону биринчи кетиребиз дедик жана кетирип жаттык. Дагы бир жылдан кийин дагы кыскартабыз. Мен ойлойм “Акыйкатчы” институтуна 40-50 эле киши жетет. Өзүнчө министерство болуп алуунун кереги жок деген оюубуз бар.

Азыркы учурда башкы көйгөй кадрлар маселесинде болуп жаткандыгы жөнүндө да токтоло кетти:


- Кадр маселеси өтө кыйын болот. Анткени акты ак деп, караны кара деп бекем сөзүнө турган кадрлар аз экен. Же бийликке же оппозицияга ооп кетет.

Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Арзыкан Момунтаева буларга токтолу:

- Отурган жерибиз урап турат. Интернет деген жок. Кызматка керектүү укук үчүн пайдалана турган бизде шарт жок.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун Нарын облусундагы координатору Урмат Акунов мындай жейт:

- Ортодон карпайым калктын укугун тебелегендер кимдер болуп жатат. Бул акимдер, губернаторлор жана милиция кызматкерлери болуп жатат. Буларга эл чыдабай да калды. Асты жоготууларга дуушар болуп жатабыз.

“Эр айдоочу” коомдук уюмдун жетекчиси Качкын Булатов төмөнкүлөрдү айтат:

- Мурун Акаевдин заманында куугунтук кылып, түрмөгө камаса, эми өлтүрүп жатышат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун адам укугун коргоону биргелешип, жүзөгө ашыруу керек деп эсептейт:

- Биз эми укук коргоочулардын баарынын башын бириктирип, ошолордун коомдук кеңешин түзүп, бүткүл укук коргоочулар колдон келген аракеттерди жасайбыз.

Ошондой эле ар бир райондо бирден акыйкатчынын өкүлү коомдук башталышта иш алып баруу киргизилмекчи:

- Акча албайт бирок, документи бар, укугу бар. Ушундай өкүлдү жаңы киргизип жатам. Ар бир районго коёбуз, шайлайбыз, талапкер болсо бериңиздер.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиева мындай деди:

- Ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат. Мунун бардыгы тең жада калса сүйлдөгон сөзүңдү кыскартып, сүйлөттүрбөй, кире турган жерге киргизбей аракет жасалып жаткан бул дагы карпайым эле эмес мандаты бар адамдардын укугун тебелеп жатат.

Учурда камакта жаткан Курулуш жана архитектура агенттиктин мурунку жетечиси Ишенбай Кадырбековдун жактоочусу Ишен атуу жигит мындай деди:

- Биз күтүп отурбай ойгонушубуз керек.

Ал эми жыйын ичине жергиликтүү бийликтен бир дагы өкүл келип катышкан жок.

XS
SM
MD
LG