Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

22-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстандык геологдор 1939-жылдын 22-июлунда республика аймагында асыл жана жарым асыл таштар орун алган 20 кен бар экендигин билдиришкен. Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги Академиясынын ишкердүүлүгүн арттыруу үчүн даярдалган Меморандумга кол коюу салтанаты 2004-жылдын 22-июлунда өткөрүлдү.

Фрунзе шаардык ооруканасында медициналык практикада колдоого татыксыз көрүнүш 1929-жылдын 22-июлунда жасалды. Оорукананын врач-терапевттери психикалык оорукчан адамдар менен жаңжал чыгарышып, акыры ал кырчылдашкан мушташ менен бүткөн. Врач-терапевттер шаардык бийликке психикалык оорукчандар үчүн чукул арада өзүнчө имарат бөлүнүш өтүнүчү менен кайрылышкан.

Кыргызстандык геологдор 1939-жылдын 22-июлунда республика аймагында асыл жана жарым асыл таштар орун алган 20 кен бар экендигин билдиришкен. Кыргызстандык чалгынчы геологдор вулкандык породаларда топаз, аметист, тоо хрусталы сыяктуу асыл таштардын арбын кенин ачышкан.

Бүткүл Кыргызстандык биринчи спартакиадага келген спортсмендер 1944-жылдын бул күндөрү Фрунзе шаарында спорттун ар кайсыл түрлөрүнөн күч сынашкан. Биринчи спартакиадага Кыргыз ССРинин ошол кездеги беш областынын спортсмендери катышкан. Фрунзеликтер жалпы жарышта биринчи орунду ээлешип, борбор шаардын спорттогу ордун белгилеген.

Чүй областынын Көкжар айылында Германиянын “HESS” фирмасынын “Мультимат-500” бетон чыгарчу заводу 2004-жылдын 22-июль күнү салтанат менен ачылды. Заводдун ачылыш салтанатына президент Аскар Акаев, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах жана башка бийлик өкүлдөрү, ишкерлер адамдар катышты. Белгиленген долбоорго ылайык жаңы ачылган завод жылына 10 млн. сапаттуу кирпич чыгарып, мындан тышкары бетондон дубал тосмо, эс алуу парктарына дизайндык эмерек, жол жээгине коюлуучу тосмо жана башка курулуш материалдарын өндүрүшү каралган.

Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги Академиясынын ишкердүүлүгүн арттыруу үчүн даярдалган Меморандумга кол коюу салтанаты 2004-жылдын 22-июлунда өткөрүлдү. Меморандумга Кыргызстан тараптан премьер-министр Николай Танаев жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллерлер кол коюшту.

Жаңы меморандумга ылайык Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги Академиясы жаш адистерге аймактагы коопсуздукту коргоо маселелерин компетенттүү чечүү багытында билим бериши каралган.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1989-жылкы чечимине ылайык Эмен паркында орун алган айкелдерге «Мамлекеттик скульптура музейи» деген статус берилген. Скульптура музейи Фрунзе шаарында жыл сайын өткөрүлчү айкелчилердин эларалык жана бүткүл союздук конкурстарынан жаралган эмгектерден топтолгон. Анткен менен музей ачык абада орун алгандыктан жана корума ишинин начардыгынан улам айрым айкелдерге карата вандалдык мамиле жасалышы улантылган.
XS
SM
MD
LG