Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРДАН ӨКМӨТ ЖҮЗ БУРДУБУ?


Кыштагы зилзаладан катуу жабыркаган Кара-Суу районунун тургундарынын айтуусунда, мамлекет үй курууга сокур тыйын да ажырата элек. Райондун акими каржылоо дагы кечеңдетилсе, эл көтөрүлөрүн айтып кыжаалат. Ал эми Каржы министри Тажикан Калимбетова, кыргыз өкмөтү кыйраган турак-жайларды тикелөөгө милдеткер эмес деген пикирде.

Мамлекеттик комиссия токтоосуз көчүрүү зарыл деп эсептеген Тогуз-Булак айылынын тургуну Ыкыбал Эргешова жер тилкеси түгүл чоңдордон эмдигиче дайын жоктугуна нааразы:

- Чоңдордон дайын жок. Эки-үч жолу кайрылып барышты. Көбүрөөк арызданса силерден башкасы да толуп жатат, туруп тургула дешет.

Улагалаш Кара-Сөгөт кыштагынын жашоочусу Байыш Боронбаев курулушту качан баштарын билбей башы маң:

- Акчасын качан берет билбейм. Курулушту башташ керек эле кеч калып жатам.

Тогуз-Булактык Назгүл Ботобекова кыштагы жер титирөөдөн жалкып калган жайы бар. Быйыл да суукта балдары менен чатырда жашагысы келбейт. Ошондуктан, эски үйүнүн ордуна баш панээ курууга ниеттенген чагы:

- Жаш балдарым бар. Алар менен кайра палаткада жашабайлы деп ордуна үй салганы жатабыз.

Карасөгөттүк Тажи чоң эне «өкмөт убада кылган ссуда тийип калар бекен?» деген үмүттө сертификатын колуна кармаган бойдон күн батырып, таң тосот:

- 200 миң сом акча берем деди. "Ушул сага кут кылсын, үйдү салып ал, чал" деп ага бергем. Эми андан бери эч бир жылыш жок. Качан келет чоңдор? Бизди карыган адамдарды көңүлүнө алар бекен деп отурабыз.

Ошол эле учурда бийликтин убадасынан түңүлүп, эски үйүн бузуп, жаңысын курууга киришкен Тогузбулактык Жаныбек Жээнбаевге микрофон сунганыбызда, буларга токтолду:

- Фундаментке эле 100 миң акча кетип жатат. А биздин кошумчалай турган акчабыз жок. Бир малды карап отурабыз.

Кара-Суу районунун акими Токтосун Барманов жер титирөөдөн жабыркаган 1202 үй-бүлөнү каржылоо ушинтип кечеңдетиле берсе, эл көтөрүлөт деп кыжаалат:

- Атуулдарыбыз сертификат алышкан. Каржылоо тарабы кечигип жатат. Эгерде биз убагында каржылап бүтө албасак, күзүндө атуулдарыбыз чыр көтөрөт.

Деген менен каржы министри Тажикан Калымбетова Ошко жасаган сапарында табигый кырсыктан кыйраган турак жайларды тикелөөгө кыргыз өкмөтү милдеткер эмес деген пикирин жарыя кылды:

- Бир миллиардга чейин каражат талап кылынып жатат. Үйлөргө бюджет акча каражатын бөлүп бербеш керек. Ар бир үй-бүлөө ал өзүнүн үйүн страховый компанияга кепилдеш керек. Эгер бир проблема болуп сотко ишибиз аша турган болсо, ушул маселени талдап карай турган болсо, баардыгыбыз жоопкерчилик алдында турабыз.

XS
SM
MD
LG