Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

БАРАК ОБАМА ООГАНСТАНДА ЖАНА ИРАКТА БОЛДУ


Демократиялык партиянын АКШ президенттигине талапкери, сенатор Барак Обама кечээ Иракка келди. Мунун алдында ал Ооганстанга барган эле. Ушул апта ичи Обама ошондой эле Иордания, Израил, Германия, Франция, Британияда болот. Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүн кыдыруу - мамлекет башчылыгына талапкер үчүн америкалык шайлоочуларга эл аралык маселелер боюнча өз жөндөмүн көргөзүүнүн бир мүмкүнчүлүгү. Анткен менен Барак Обаманын кээ бир, өзгөчө Ирактан америкалык аскерлерди он алты айдын аралыгында чыгарып кетүү жөнүндөгү убадасынан улам анын чет элге сапары жаңы карама-каршылыктарды жаратты.

Президенттикке талапкер Барак Обама Кошмо Штаттардын тышкы саясатынын чордонунда турган өлкөлөрдү өзүнүн эл аралык маселелердеги тажрыйбасыздыгы боюнча мекенинде, анын ичинде атаандашы, республикачыл сенатор Жон МакКейн тарабынан да айтылып жаткан сындарга жооп ирээтинде кыдырууда.

Оболу ушул жекшембиде Ооганстанда болгон учурунда Обама бул өлкөдөгү коопсуздук кырдаалын "опурталдуу жана тезинен оңдоону талап кылган" деп мүнөздөдү.

Террорго каршы согушта АКШнын борбордук көңүлү Ооганстанга бурулуш керектигин дагы бир ирээт белгиледи. Обаманын айтымында, эгер ал президенттикке шайланып калса, Ооганстанга "ал-Каида" жана Талибан менен күрөштү аягына чыгаруу үчүн америкалык аскерлерден дагы кошумча жети миңди жөнөтөт. Ал эми Ирактагы согуш боюнча мурдараак Вашингтондон атайы тышкы саясаттын маселелерине арнап сүйлөгөн сөзүндө Обама согуштун мөөнөтсүз уланышы Кошмо Штаттардын ресурсун коротуп, өлкөнү башка зарыл маселелерге көңүл буруудан алагды кылып жатканын айткан болчу:

- Бул согуш бизди, биз туш келип жаткан коркунучтардын ар биринен жана кармап кала алатурган көп мүмкүнчүлүктөрдөн алагды кылууда. Согуш биздин коопсуздугубузду, дүйнөдөгү абалыбызды, армиябызды, экономикабызды алсыратууда жана 21-кылымдын көйгөйлөрүнө каршы турууга зарыл ресурстарыбызды азайтууда. Кандай чара болгондо да, Иракка бир максаттуу жана мөөнөтсүз көңүл буруубуз - Американы коопсуз сактоо үчүн ишенимдүү стратегия эмес.

Ага катар Барак Обама эгер мамлекет башчылыгына шайланып калса, кызматка киришкенден он алты айдын аралыгында же 2010-жылдын жайына карата Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү убада кылган. Кечээ ал Багдадда Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики менен кездешти. Обаманын айтымында, алар "абдан конструктивдүү сүйлөшүү" өткөрдү. Ал ошондой эле Ирактын президенти Жалал Талабани менен да жолуккан.

Барак Обаманын Багдадда Ирактагы америкалык аскерлердин кол башчысы, генерал Дэвид Петреус менен да сүйлөшүүлөрү мерчемделген. Армиянын кол башчылары Ирактан аскерлерди чыгаруунун так мөөнөтү белгиленишин жактабайт. Алар бул маселе жериндеги кырдаалга жараша чечилиши керек деп эсептешет.

Алсак АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен, маселен, аскерлерди алып кетүү боюнча эки жылдык планды белгилөө "коркунучтуу кесепеттерге" алып келерин айтып чыкты. Адмиралдын көз карашында, аскерлерди чыгарып кетүү Ирактагы "саясий жана экономикалык прогрессти" үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Анткени "ал-Каида" террорчулары али да бар Иракта америкалык аскерлер кеткен соң диний араздашуу кайрадан жанданып, өкмөт кырдаалды көзөмөлдөй албай калышы ыктымал.

Баяндамачылар Обаманын планында чынында эле башка да тобокелчиликтер бар экенин белгилешет. Америкалык күчтөрдүн басымдуу бөлүгү Ирактан кеткенден кийин аларды кайра кайтаруу үчүн саясий жактан ылайыктуу жүйөө дээрлик жокко эсе болот.

Бул аралыкта Республикалык партиянын талапкери, сенатор Жон МакКейн атаандашы Обаманы аскерий эксперттердин кеңешине карабай, аскерлерди чыгаруу планын өжөрлүк менен карманып жатканы үчүн сынга алды.

Барак Обама Ирак согушуна такай каршы болуп келгенин жана аны тезинен бүтүрүү шайлоо програмасынын борбордук бөлүгү экенин эске алганда, ал мындай саясатын Америка коомчулугундагы негизги колдоочуларын жоготпостон туруп жеңил эле өзгөртө албайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG