Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

23-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Буга чейин Советтер Союзунда, анын ичинде Фрунзе шаарында практикадан өтүп келген балдар менен кыздарды бөлүп окутуу ыкмасы 1954-жылдын 23-июлунда токтотулган. Фрунзе шаардык Коммунисттик партия комитети менен Кыргызстандын ленинчил коммунисттик жаштар союзу 1979-жылдын 23-июлунда борбор шаардын Эмен паркындагы Ленин эстелигинин кашына 400 мектеп бүтүрүүчүлөрүн чогултушту.

Сибирь соода-өнөр жайы чыгарган сурамжылоо календары 1899-жылдын бу күндөрү китеп күйөрмандарынын колуна тийди. Томск шаарында жарык көргөн 735 барактык китепте Кыргызстан аймагында орун алган Пишпек, Пржевальск жана Ош шаарлары туурасында маалымат келтирилип, Түркстан чөлкөмүнүн Сибирь менен тыкыз тарыхый, экономикалык байланышы бар экендиги кабарланат.

СССР Элдик комисарлар кеңешине караштуу байланыш мекемесинин 1937-жылдын бу күнкү чечимине ылайык, Фрунзе-Москва-Фрунзе темир жол түйүнүн тейлеш үчүн бир жумшак вагон бөлүнгөн. Жумшак вагонго билет «жооптуу кызматкерлер» үчүн гана сатылган. Ал эми карапайым калктын комфорт шартта эле эмес, жөнөкөй вагондорго билет алууга мүмкүнчүлүгү жеткен эмес.

Буга чейин Советтер Союзунда, анын ичинде Фрунзе шаарында практикаланып келген балдар менен кыздарды бөлүп окутуу ыкмасы 1954-жылдын 23-июлунда токтотулган. И.Сталиндин бийлигинин акыркы жылдары орто мектептерде балдар кыздар өз-өзүнчө бөлүп окутулуп, алардын ортосундагы айырмачылык билим деңгээлинде белгилене баштаган. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык жаңылыш усул токтотулгандан кийин, Фрунзе шаарындагы мектептерде «балдар» жана «кыздар» окуу жай деген аталыш жоюлган.

Фрунзе областына караштуу Чоңкемин өрөөнүндөгү чарбалар 1957-жылдын бу күндөрү апийим жыйнооого киришишти. Күч органдарынын билдирүүсүнө караганда апийим жыйноонун биринчи күндөрү эле адамдар наркотикалык затты уурдап башташкан.

Фрунзе шаардык Коммунисттик партия комитети менен Кыргызстандын ленинчил коммунисттик жаштар союзу 1979-жылдын 23-июлунда борбор шаардын Эмен паркындагы Ленин эстелигинин кашына 400 мектеп бүтүрүүчүлөрүн чогултушту. «Өз эркине ылайык күчтөп чогултулган» жаштар бир добуштан куруучу боло тургандыгын билдиришти. Мектеп бүтүрүүчүлөрү колдоруна «Эффективдүүлүк жана сапат беш жылдыгына жаштардын жигердүү салымы!», «Шаардагы курулушка комсомолдук камкордук!» деген ураандарды көтөрүшүп, партия жетекчилигине ынанган эркин билдиришти.
XS
SM
MD
LG