Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:13

ОБАМА КӨҢҮЛДҮ ООГАНСТАНГА БУРА ТУРГАН КЕЗ КЕЛДИ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Демократиялык партиянын АКШ президенттигине талапкери, сенатор Барак Обама америкалык армиянын көңүлүн Ирактан эми коопсуздук кырдаалы начарлап бара жаткан Ооганстанга бура турган кез келди деп эсептейт. Ал бул тууралуу Ооганстан жана Иракка жасаган иш сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып, кечээ Иорданиядан билдирди. Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы айрым өнөктөштөрүн кыдыруу мамлекет башчылыгына талапкер Барак Обама үчүн америкалык шайлоочуларга эл аралык маселелер боюнча өз жөндөмүн көргөзүүнүн бир мүмкүнчүлүгү.

Президенттикке талапкер Барак Обаманын көз карашында, Иракта коопсуздук кырдаалынын жакшырышы менен эми куралдуу күчтөрдүн бир бөлүгүн АКШ "ал-Каида" жана Талибанга каршы алгач сокку урган Ооганстанга которуу өтө маанилүү:

- Биз адегенде эле Ооганстанга барышыбыздын себеби - ал террорго каршы согуштун борбордук майданы экенинде. Бул 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар пландалган жер. Бүгүн болсо Ооганстанда жана Пакистандын чек ара районунда "ал-Каида" менен Талибан ооган калкына жана улам барган сайын Пакистандын элине да каршы чабуулун күчөтүүдө жана Кошмо штаттарга каршы жаңы кол салууларды мерчемдеп жатат.

Барак Обама Иорданиянын башкааласы Амманда ачык асман алдында өткөргөн маалымат жыйыны учурунда кошумчалагандай, Ооганстандагы америкалык аскер башчылар бул жакка кошумча эки бригада же 10 миңдей жоокер жөнөтүлсө, талиб козголоңчуларына каршы күрөштө чоң жардам болмоктугун айтышкан:

- Ооганстандагы кырдаал опурталдуу жана тездикти талап кылат. Начарлап бара жаткан кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүш үчүн, биз азыр аракеттенишибиз абзел. Мен Ооганстанга кошумча күчтөрдү жайгаштыруу, аскерий эмес жардамды күчөтүү жана НАТО боюнча өнөктөштөрдүн колдоосун кеңейтүү зарылдыгы туурасында бир жыл мурда эле айткам. Биз Ооганстанда көбүрөөк ресурска муктаж экендигибиз боюнча азыр өзүбүздө мунаса табылып жатканына мен кубанычтамын.

Барак Обаманын пикиринде, АКШда азыр аскер күчтөрүн Ирактан Ооганстанга которуу мүмкүнчүлүгү бар. Демократиялык партиянын өкүлү, эгер президенттикке шайланып калса, келерки жылдын январында кызматка киришкенден он алты айдын аралыгында же 2010-жылдын жайына карата Ирактан аскерлерди чыгарып кетерин буга чейин эле билдирген. Обанын планы боюнча бул мөөнөткө карата Иракта жергиликтүү армияны окутуп-машыктырууга жетиштүү сандагы гана бөлүктөр калышы керек. Ирактагы америкалык аскерлердин саны азыр 150 миңдин тегерегинде.

Барак Обаманын айтымында, Ирактагы америкалык колбашчылар менен сүйлөшүү анын аскерлерди он алты айда чыгаруу планы реалдуу экенине ынандырды. Ал эми Ирактын саясий жетекчилиги планды ачык колдобогону менен алар америкалык аскерлердин туруусун Обаманыкына шайкеш мөөнөттө аяктоого чакырышкан. Муну Американын калкы да каалоодо:

- Мен Ирактын суверенитетин колдоонун жана ирактыктарды бутуна турууга шыктандыруунун эң мыкты жолу – биздин аскерий бригадаларды жоопкерчилик менен кайра жайгаштыруу деп эсептейм. Мөөнөт боюнча Иракта жана АКШда барган сайын мунаса табылып жатканын кубаттайм. Менин көз карашым аскерий эксперттердин кеңешине негизделген. Биз аскерий бригадаларыбыз 2010-жылы Ирактан тышта болушу үчүн, он алты айдын аралыгында коопсуз чыгып кете алабыз.

Барак Обама белгилегендей, коопсуздук кырдаалы жакшырганынан пайдаланып, ирак бийликтери да саясий чөйрөдө алга жылуусу, шийиттер үстөмдүк кылган өкмөткө сунниттерди да көбүрөөк тартуусу керек.

Ирактагы эки күндүк сапары учурунда президенттикке талапкер Багдаддын батыш тарабындагы Анбар провинциясына да барды. Саддам Хусеин бийликтен кулагандан кийин сунниттер дароо эле "ал-Каида" менен биригип, бул чөлкөмдү өкмөткө каршы козголоңдун очогуна айланткан. Азыр болсо Анбардагы сунниттер "ал-Каидадан" жүзүн буруп, АКШ менен өнөктөш. Алардын "ал-Каидага" каршы күрөшүн, өкмөттүн ишине көбүрөөк аралашуу мүдөөсүн талкуулоо үчүн Обама провинциянын лидерлери менен да кездешти.

АКШ президенттигине талапкер Барак Обама Ооганстан менен Ирактан тышкары Кувейтте да болду. Иорданиядан соң Израилге келет. Андан кийин Европа өлкөлөрүнө аттанат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG