Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

БАРАК ОБАМА: "АКШ ИЗРАИЛДИН КҮЧТҮҮ ДОСУ БОЙДОН КАЛАТ"


Кубат Чекиров, Прага АКШнын президенттигине талапкер болгону жаткан Барак Обама бүгүн Израилге келди. Ал атаандашы Маккейнден айырмаланып, Израилде Иордандын батыш жээгине барып, Палестин администрациясынын башчысы Махмуд Аббас менен дагы жолугушту.

Барак Обама бир суткага созулган сапарынын жүрүшүндө Түштүк Израилдеги Газа секторунан ракеталык соккунун бутасы болуп келаткан Сдерот шаарына барып, террордук кол салуулардан жапа чеккен израилдиктерге тилектешигин билдирет.

Барак Обама мындан мурун Амман шаарында болгон сапарынын жүрүшүндө эгер президент болуп калса, Израил менен АКШнын достук мамилеси эч качан өзгөрбөй турганын жар салган.

-АКШ Израилдин күчтүү досу. Ал Маккейндин администрациясы алдында дагы күчтүү дос бойдон калат, Обаманын администрациясынын алдында да күчтүү дос бойдон калат. Бул саясат эч качан өзгөрбөйт, - деп айткан Барак Обама.

Обама Иордандын Батыш жээгине барып палестин президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Ал бул жолугушууга Жакынкы Чыгышта тынчтык процессине жетишүү үчүн Палестинанын башындагы кыйынчылыкты да, ошондой эле Израилдин коопсуздук проблемаларын дагы таануу керек деген өзүнүн мурда айтып келген саясатын палестин жеринде дагы бир жолу кайталоо ниетинде барды.

Обама Иордандын Батыш жээгине баруу менен бул жакка мартта келип кеткен атаандашы Маккейнден айырмалана турган болуп калды. Макккейн ошол сапарынын жүрүшүндө палестин лидерлери менен жолугушкан эмес. Ошондой эле Обаманын программасында Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт менен гана эмес, анын үч маанилүү атаандаштары менен жолугушуу, андан сырткары Холокос мемориалына, Эски Иерусалимдин жүрөгү болуп саналган Батыш дубалына да баруу каралган.

Обаманын 24 саатка созулган сапарынын ийгилиги анын израил-палестина тынчтык процессинде ар бир тарап менен иштеше турганын көрсөтө алганына жараша болчудай. Антпесе, бир нече жума мурда Иерусалим Израилдин ажырагыс бөлүгү болуп кала бериши керектиги жөнүндө Обаманын билдирүүсү палестиндердин арасында бир топ эле кыжаалат пикирлерди жараткан эле. Ошондон кийин Обама Иерусалим дубал тосмолор менен экиге бөлүнбөшү керек деген ойду айткысы келгени жөнүндө түшүндүрмө берген болчу. Израил да, палестиндер да Иерусалимди борбор кылуу жөнүндө талап көтөрүп келатышат.

Обаманы Израилде Ирандын өзөктүк программасы боюнча дагы сыноолор күтүп турат. Демократтардын талапкери Тегеран менен анын өзөктүк программасы жөнүндө сүйлөшүүлөргө барууга чакырып чыкканы өз кезегинде Израилдин өзүндө чочулоо менен кабыл алынган. Ирандын президенти Израилди жер жүзүнөн жексен кылууга чакырып келаткандыктан, Израил Ирандын өзөктүк программасын өлкөнүн коопсуздугуна эң башкы коркунуч деп билет.

Ошондуктан Обамага өзүнүн Иран менен сүйлөшүүлөргө да, анын өзөктүк державага айланышына жол бербеш үчүн башка катаал чараларга да даяр экендигине, бул Маккейндин позициясына караганда артык жол экендигине, израилдик лидерлерди ынандырууга туура келет.

XS
SM
MD
LG