Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

ӨКМӨТ БАШЫНА БАТЫШЧЫЛАР КЕЛБЕСЕ КАРАЖИЧ КАРМАЛМАК ЭМЕС


Амирек Усманов, Прага Серепчилердин пикиринче, Сербиянын саясый жетекчилигинде өзгөрүүлөр болбосо, Босниялык сербдердин мурдакы лидери Радован Каражич кармалмак эмес. Майдагы парламенттик шайлоодо премьер-министр Воислав Коштуница башындагы Сербия демократтык партия жана улутчул эсептелген Радикалдык партия батышчыл коалициялык блокко уттуруп койгон.

Талдоочулардын айтымында, 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Радован Каражичти камакка алуу Сербияда өкмөт башына батышчыл саясатчылардын келүүсүнүн түздөн түз натыйжасы болду.

Эл аралык кризистик топтун (International Crisis Group) Балкан боюнча серепчиси Жэймс Леондун сөзүнчө, жаңы премьер-министр Мирко Цветковичтин буга чейинки жетекчиликтен айрымасы, ал өлкөнү Евробримдикке кошууга өтө дилгир:

- Бул окуя (Каражичти камоо) Cербиянын жаңы өкмөтү Европага кошулууга жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга сөз бергенден улам болду. Жаңы өкмөттө Евробиримдик менен жакшы алакада болуу ниети өтө күчтүү. Гаага соту менен кызматташуу - Евробиримдик менен мамилени жакшыртуунун бир шарты экени өкмөт үчүн айкын.

Каражич камакка алынардан бир нече күн алдың Сербиянын чалгындоо кызматынын башчысылыгына президент Тадичке лоялдуу Саша Вукадинович дайындалган. Чалгындоо кызматынын мурдакы башчысы июлда бийликтен түшкөн премьер-министр Воислав Коштуницанын адамы эсептелчү.

Коалициялык өкмөткө кирген социалисттер Каражичтин кармалышына анча ынтызар болбой жаткан. Ошондуктан, ички иштер министри, Социалисттердин лидери Ивиса Дачич министрлик Каражичти кармоого катышпагынан ошол замат билдирди.

Бирок, парламенттин социалист-спикери Слависа Жукич-Дейанович жакында «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген интервьюда, 1990-жылдардын башындагы югослав согушунда кылымш жасаган ар адам сот жообуна тартылыш керек экенин айткан:

- Эл аралык мыйзамдар урматталыш керек. Сербиянын мыйзамдары да урматталыш керек. Бизде Гаага трибуналы жөнүндө мыйзам бар. Андыктан, ага ким каршы экени же кабыл алып жатканда ким каршы чыкканы маанилүү эмес. Кылмыш жасаган ар бир адам соттолуш керек.

Каражичтин камакка алынганына серб жарандары арасында анчейин деле нааразылык болбойт, коалициялык өкмөт шайлоочулар арасындагы саясый салмагын жоготпойт дешет талдоочулар. Ырас, ал үчүн өкмөт Каражичти камакка алуудан Сербия кандай пайда табаарын элге түшүндүрүп бериши шарт, дейт Римдеги Стратегиялык изилдөөлөр боюнча аскерий борбордун серепчиси Паоло Кверча:

- Сербдер аябай прагматик, өтө улутчул, өз тарыхын сүйгөн, лидерлерин урматтаган эл. Эгер алар олуттуу экономикалык жардам ала алса же Косоводогу позициясын бекемдей алчу болсо, Гаага сотуна жөнөтүлгөнү жаткан Каражичти унутушат.

Каражичтин кармалышы - Евробиримдиктин Стабилдештирүү жана ассоциация жөнүндөгү келишимди аткаруусуна жол ачат. Келишимдин негизги шарты боюнча, Сербия биримдикке кошулууну кааласа, Гаага соту менен кеңири кызматташуусу, Каражичти жана анын аскер башчысы Ратко Младичти кармап бериши шарт.

XS
SM
MD
LG