Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

ИРАНДА СПОРТЧУ КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН БАШЫНДА МАШАКАТ СЫНОО КӨП


Кубат Чекиров, Прага Ирандын бийликтери Бээжиндеги жайкы олимпиадалык оюндардын кыз-келиндер катышкан мелдештерин мамлекеттик сыналгыдан көрсөтүү керекпи же жокпу деген түпөйүл суроого баш катырууда. Ирандык аялдар көп жылдардан бери эл аралык жана аймактык спорттук мелдештеде өздөрүн активдүү көргөзүп келатат, бирок Иранда диний мыйзамдар аларга хиджаб кийбей туруп сыналгыдан көрүнүүгө тыюу салат. Олимпиадалык оюндарда ирандык спортчу аялдар талаптагыдай кийинип чыккан менен алардын атаандаштарынын жарым жылаңач түрүн көрсөтүүдөн Тегеран чочулап турат.

Ирандагы мамлекеттик сыналгынын спорттук берүүлөр боюнча жооптуу кызматкери Али Аскар Пархомаммади келерки айда боло турган олимпиадалык оюндарга катышкан аялдарды көрсөтүүгө уруксат берүүгө ирандык бийликтерди көндүрүүгө аракет кыларын билдирди. Олимпиадага бараткан ирандык 53 спортчулардын арасында үч эле аял бар, мелдештин жаа атуу, таэквондо, кайыктан сүзүү түрлөрү боюнча бирден аял катышат.

Албетте, Иранда дагы миллиондогон көрөрмандар Бээжинде өздөрүнүн аял мекендештерин сүрөп күйөрман болгусу келишет. Бирок алар Ирандын диний лидерлери хиджаб кийбеген спортчу аялдарды мамлекеттик сыналгы ачык көрсөтөт деп ишенишпейт.

Ирандын командасындагы үч аял спортчу хиджаб кийип чыгышкан менен алардын атаандаштары жылаңбаш жана көп жагы ачык формалар менен чыгышат эмеспи, а бул шариат жол бербеген көрүнүш, ошондуктан мамлекеттик сыналгы аны көрсөтөрү арсар.

Ирандык спортчу аялдар көптөгөн ар кандай аймактык жана эл аралык мелдештерге катышып келатышат, бирок ирандык сыналгылар, гезит-журналдар аял спортчуларды көрсөтүүдөн абдан сактанышат.

Тегерандагы спорттук эксперт Фатима Сепанжи Фарда үналгысына сүйлөгөн сөзүндө ирандык маалымат каражаттары Иранда аял спортчулар бар экенин көрмөксөн болгонго мажбур болуп келатышат.

-Алар бардык эрежелерди кармашат. Аларга спорттук мелдештерге катышууга жол берилген. Анда эмне үчүн аларды сыналгыдан көрсөтүүгө болбосун. Аларды баары бир олимпиадалык оюндардын маалында бүт дүйнөдө көрсөтөт да. Бир өлкөлөрдө көрсөтүп, экинчи өлкөдө жашырып коюунун кандай кажети бар?- дейт Фатима Сепанжи.

Ирандык шариатка негизделген мыйзамдары аялдарга спорттук мелдештерге катышууга тыюу салбайт. Бирок алар шариат боюнча башына жоолук салынып чүмкөнүп, денесин көрсөтпөй кийинип жүрүшү керек. Жалтырак-жултурак болуп кийингенге такыр болбойт. Мындай чектөөлөрдөн улам ирандык көп аялдар сууда сүзүү, көркөм гимнастика, велосипед жарышы сыяктуу спорттук мелдештерге катыша албай калышты.

Ирандык спортчу аялдар күпчүйүп кийинип алып ысык күндө жүргөндөн кыйналышарын айтышат. Ошондой эле мелдеш учурунда чачы же буту камерага түшүп калбасын деп дайыма сактанып турушка мажбур. Минтип алаксуунун аягы спорттук мелдеште кейиштүү бүтөөрү түшүнүктүү.

Рамоне Лазар аттуу аял спортчуну Бангкоктогу мелдештин жүрүшүндө кайыктан кызыл ашыгы көрүнүп калган үчүн эле Ирандын суучулдар командасынан чыгарып салышкан. Анын үстүнө Ирандык тымызын чалгын кызматтары бүт жерде, анын ичинде мелдештер өтүп аткан жерде дагы шимшилеп аялдар ислам мыйзамдарын бузган-бузбаганын текшерип жүргөнү жүргөн.

Президент Махмуд Ахмадинежаддын өкмөтү адеп иш баштаганда аялдарды спорттук мелдештерге көбүрөөк катыштырууга жакшы эле билек түрүп киришкен. Бирок диний лидерлердин катуу сын-дооматтарынан кийин өкмөт өкүлдөрү шаабайы сууп эле отуруп калды.

Чынында Иранда диний ишмерлердин кысым көзөмөлү абдан чоң. Аятолла Алам Алкуду аялдарды спортко жакын жолотууга караманча каршы чыгып келаткан таасирлүү динаятчылардын бири. Шаардагы Махаб мечитиндеги соңку жума намаздарынын учурунда аятолла аялдарга спорттук мелдештерге катышкан мыйзамга жатпайт деп сүйлөгөн. Дагы бир экинчи ирандык молдо аялдар таптакыр лыжа теппеш керек деп чыккан, анткени анын жүйөөсүндө лыжа бээп баратканда аялдардын кыймыл-аракети спортко эмес бийге көбүрөөк окшоп кетет экен.

Дал ушундай чектөө-тыюулардан улам ирандык аялдарга шариаттагы талаптарга туура келген спортторго гана катышууга улуксат. Андай спорттун түрлөрүнө жаа атуу, кайыкта сүзүү, футбол жана башка ушул сыяктуулар кирет. Бирок мында деле хиджаб жана кенен-чонон кийимдер ыңгайлуу болбойт, бирок жоктон көрө жогору дегендей аялдар ушуга да шүгүр дешет.

Таэквондо жана кикбоксинг ирандык аялдардын арасында абдан сүйүп спорт оюндарына кирет. Бирок мында деле калыс милдетин аткарган эркектер жеңип чыккан аялдын жеңишин жарыялаш үчүн анын колун кармап көтөргөнү үчүн молдолор буга да каршы чыгууда.

Аял спортчулардын ушинтип башында машакат маселе көп. Аялдардын мелдештеринде эркек машыктыруучулардын ролу жөнүндө Иранда көп жолу талаш-тартыш болгон. Эгер машыктыруучусу эркек болсо аялдар командасы машыгуу оюндарынын башынан аягына чейин шариат талап кылгандай кийинип жүрүшкө милдеттүү. Ошондой эле эркек машыктыруучулар өздөрүн аял спортчулардан белгилүү бир аралыкта жакындабай окчун жүрүшү керек.

XS
SM
MD
LG