Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

ЕВРОПА ОБАМА МЕНЕН КАНТИП “ООРУП” КАЛДЫ?


AКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болушу күтүлүп жаткан Барак Обама бүгүн Европага сапарын баштоодо. Аны Берлинде миллиондогон киши тосуп чыгат деп күтүлүүдө. Германияда жана Францияда сурамжылоо, эгер Обаманы немистер менен француздар шайлашса, ал бүгүн эле президент болуп калмак экендигин көрсөтүүдө.

Германиядагы атактуу "Дер Шпигел" журналынын ушул жумадагы соңку санынын биринчи бетинде Барак Обаманын сүрөтү жарык көрдү. Үстүндө "Германия супер жылдызды күтүп атат" деген жазуу бар.

Обама бүгүн Рейхстаг менен Бранденбургдун көлөкөсүндө, Берлиндин тарыхый Жеңиш мунарасынын алдында сүйлөмөкчү. Берлин бийликтеринин болжолунда, аны укканы миллион чакты киши келет.

Обаманын Европанын башка өлкөлөрүндөй эле Германияда да популярдуулугу өтө жогору. Аналитиктер бул феноменди кайсы бир деңгээлде, ал азыркы америкалык президент Буш эмес болгондугу үчүн колдошууда. Европада Буштун саясатын да, өзүн да өтө жактырышпайт.

Бирок Европанын Обама менен ооруп калышынын башка да өңүтү бар. Демократиялык партиядан президенттикке талапкер ушул ноябрда шайланып калса, ал АКШнын тарыхындагы тунгуч афро-америкалык болуп калмакчы. Бул европалыктарга Америка жана америкалыктар суктандырган сапаттарды эске салууда. Бул тууралуу Германиянын тышкы байланыштар кеңешинин транс-атлантикалык байланыштар боюнча билерманы Йозеф Брамлдын айткандарына кулак салсак:

- Американы адам көздөгөнүнө жете ала турган демократия деп билишет эмеспи. Байдын үйбүлөсүндө төрөлүштүн, сенатордун уулу болуштун кереги жок. Обаманын өмүр баяны мына ушундай төмөндөн бийик чокуга жеткен америкалык кыялдын ишке ашышын билдирет. Мындай нерсени биз Голливуддан үзүлүп түшүп көрөбүз го.

Обаманын атасы теги африкалык Кениядан, энеси Канзас штатындагы ортодон төмөн жашаган үйбүлөдөн болгон.

Европа үчүн Америка бири-бирине анчейин айкашпаган нерселерди билдирет. Бир жагынан бул - киши кишиге карышкыр деген атаандаштык, өз билгенин бербеген кекээрдик. Экинчи жагынан, Америка бул чексиз эркиндик менен мүмкүнчүлүктөрдүн жана адамдын колунан баары келет деген динамизмдин өлкөсү.

Көптөгөн европалыктар Обама дегенде Жонн Кеннедини эстешет. Бирок жупуну үйбүлөдөн чыккандыктан, Обаманын тагдыры аларга Кеннединикинен да таасирдүү:

- Ал Кеннедиден да көптү көргөн. Анын башынан өткөргөндөрүн айтып отурсак, Кеннеди бул жакта эле калат. Кеннеди кантсе да байдын баласы болгон. Европалыктар буга аны-муну дебейт, бирок Обаманын тагдыры бөлөк, - дейт немис аналитиги.

Ушул аптада Галлуп жүргүзгөн сурамжылоого караганда, Францияда калктын 64 пайызы, Германияда 62, Британияда 60 пайызы эгер АКШдагы келерки президенттик добуш берүүгө катыша алышканда, Иллинойстук сенатор Барак Обамага добуш бермек.

XS
SM
MD
LG