Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Р: ЖЭЭНБЕКОВ: ӨКМӨТ ӨЛКӨНҮ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН ЧЫГАРУУГА КУДУРЕТСИЗ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Өлкөдөгү экономикалык кырдаал, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча комитеттин мурдагы башчысы, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, азыр АКШда жашап жаткан Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Равшан мырза, Кыргызстандагы окуялардан интернет аркылуу кабардар болуп турсаңыз керек. Белгилүү болгондой, кечээ президенттин катышуусунда өткөн алты айдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өтүп, анда өлкө башчысы өкмөт мүчөлөрүнүн жообуна канааттанбаганын, конкреттүү, жандуу иштерди күтөөрүн билдирди. Жыл болсо ортолоп, азык-түлүк каатчылыгы сыяктуу маселелер баш багып турган азыркыдай шартта, өкмөт кандай зарыл чараларды көрүшү керек эле.

- Азыркы дүйнөлүк экономика биздин мамлекетке оор кыйынчылыктарды алып келип жатат. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Кээ бир биз пайдаланчу товарлар бизге баш ийбестен баасы аябай кымбаттап жатат. Бул объективдүү нерсе. Бирок биздин өкмөтүбүз өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияларды дагы колунан келишинче көтөрөбүз дегени мени аябай таң калтырат. Азыркы күндө биз элибизди колубуздан келишинче мамлекеттин эсебинен болобу же болбосо кандайдыр бир булактарды таап, кыйынчылыктардан алып чыгып кеткенге аракет жасашыбыз керек. Азыркы күнү эч убакта энергетика тармагына, же болбосо өзүбүздө пайдаланылып жаткан транспортко, же болбосо башка азык-түлүк продукцияларына баанын көтөрүлүшүнө биз жол бербешибиз керек. Бул биринчи кезектеги биздин өкмөтүбүздүн милдети болуп эсептелет.

- Кечээки ушул жыйындан кийин кандайдыр бир өзгөрүүлөрду күтсөк болобу, сиздин оюңузча азыркы бийликтин, өкмөттүн өлкөну ошондой экономикалык кризистерден чыгарууга кудурети жетеби?

- Азыркы бийлигибиздин дагы, өкмөтүбүздүн дагы экономикалык кризистен алып чыгып кетүүгө кудурети жетпейт. Себеби биз экономикалык маселелерди чечүү үчүн эң принципиалдуу түрдө мамлекеттин негизин түзгөн адам укугун, сөз эркиндигин жана мамлекетибиздеги экономикада, саясатта атаандаштыкты пайдаланмайынча бул маселелерди чечүүгө мүмкүн эмес. Биз бүгүнкү күндө сөз эркиндигин да жаптык, адам укугуна да эркиндик бербей, мамлекеттик экономикадагы саясатта болсо атаандаштыкты жок кылып таштадык. Андыктан биздин мамлекетибизде азыркы күндө бул кыйынчылыктар чечилбейт жана көрүнүктүү эч кандай өнүгүү болбойт.

- Өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык абалды сиз кандай баалайсыз, сырттан караганда бул абал кандай көрүнөт?

- Сырттан караганда, абалыбыз аябай кыйын. Мындан үч ай мурда мен өзүмдүн көз карашымда бул келе жаткан азык-түлүк кризисине кантип чыгуу боюнча пикиримди айтканмын. Көп адамдар Жээнбеков эмне үчүн ачарчылык келе жатат деп айтып жатат деп жаман көрүшкөн. Ачарчылык эмес, баанын кымбаттосу келетат. Баанын кымбаттабашына биздин өкмөт даярданышы керек болчу. Андыктан менимче азыркы өкмөтүбүздүн бул маселени чечишке мүмкүнчүлүгү жок. Анткени биздин өкмөтүбүз өз алдынча маселе чече албайт.Бардык маселе президентке такалгандан кийин президенттин көзүн карап отуруп, биз көп маселени чечпей, убакытты өткөрүп жиберип жатабыз.

- -Сиздин бамыңызда өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Эгерде өкмөт элге ундан, буудайдан даректүү жардамдарды коррупцияны аралаштырбай туура, так бере турган болсо, ушундай жардамдарды берүү жолу менен да маселени чечсе болот. Экинчи маселе, колубуздан келишинче, транспортко дагы, энергетикага дагы азырынча бааны көтөрбөшүбүз керек. Анткени бул биздин өзүбүздө өндүрүлгөн, өзүбүздө чыгып жаткан продукция да. Буга мамлекет, бүт дүйнө жүзүндө мындай практика колдонулат. Дотация деген бар. Мамлекеттин эсебинен элибизди азыркыдай кыйынчылыктан сактап турушубуз керек. А биздин өкмөтүбүз тетирисинче айтып жатат, энергетикадагы тарифти көтөрөбүз, транспортко болсо мына бааны көтөрүп ташташты.

- Эми маегибиздин соңунда өзүңүз тууралуу да айта кетсеңиз, АКШдагы окууңуз аяктап калса керек, Кыргызстанга качан келейин деген оюңуз бар?

- Кыргызстанга келейин деген оюм бар эле, 14-июнга билет алгам. Бирок тилекке каршы мен келе электе эле менин ишимди Жогорку сотко чейин карашып, келээрим менен камоого алуу боюнча чечим чыгарып коюшту. Бул тарыхта болбогон нерсе. Мындай маалда ата-энем, бир туугандарым мекениме барышыма каршы болушту жана бир топ саясатчылардын кеңеши менен азырынча барбай туруу жөнүндө чечим кабыл алдым. Азырынча Америкада болуп турушума ушундай абал түзүлүп калды.

- Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG