Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ ЭМНЕ ҮЧҮН КУРЧУП ЖАТАТ?


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев кечээ өткөн өкмөт жыйынында өлкөнү күз-кыш айларында катуу сыноо күтүп тургандыгын ачык айтып, өкмөттү тезинен чара көрүүгө чакырды. Ага азык-түлүк, анын ичинде Кыргызстандын өзүндө эле өндүрүлгөн эт, кант, буудайдын таңсыктыгы күч алып, баасынын өсүшү шарт түзөт. Өкмөт азык-түлүк менен камсыз кылган күндө да баанын кымбаттыгынан калк аны сатып алууга кудуретсиз болот деген да божомолдор айтыла баштады.

Айыл чарбасы боюнча адис окумуштуу академик Жамин Акималиевдин баамында, өкмөттүн азык-түлүк кризиси болбойт деп ишенимдүү турушу өтө опурталдуу:

- Бул алардын өз кызматын ээлеп калыш үчүн эле жасап жаткан аракеттери. Азык-түлүк коопсуздугу деген базарда товар толуп турган менен аны калктын сатып ала албай калганын дагы түшүндүрөт. Азык-түлүк коопсуздугу деген калкты ар кандай азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу. Бирок аны сатып алууга элдин акчасы болуш керек. Айрым кызматкерлер бизде азык-түлүк кризиси болбойт, бирок кымбатчылык болот деп айтып жатышпайбы. Мунун кандай айырмасы бар? Эгерде кымбатчылык болуп, эл сатып ала албаса, демек азык-түлүк кризиси дегенди,элди азык-түлүк менен камсыз кыла албай калды дегенди билдирет. Ошондуктан, өкмөт элди азык-түлук менен азыртан камсыз кылууга аракет кылыш керек. Бирок, тилекке каршы Айыл, суу чарба министрлигинин жетекчилери 850 миң тонна дан алабыз деп элге туура эмес маалымат берип жатат. Быйыл кыйын болсо болгону 650 миң тонна гана түшүм алышыбыз мүмкүн.

Чындыгында,өкмөт буга чейин Кыргызстанда канттын таңсыктыгы бар экендигин, Казакстандын малы Кыргызстанда арзан баада сатылып жаткан менен базардагы эттин баасын алып сатарлар көтөрүп жаткандыгын айткан. Бирок, отун-суу,азык-түлүк кризисинен чыгабыз деген ишеними күчтүү. Маселен, Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаровдун баамында, алты ай ичинде жеке ишкерлердин санынын көбөйүшү ишенимди бекемдейт:

- Ушул жылы өткөн жылга салыштырмалуу чарба жүргүзгөн тараптардын саны 10 пайызга өстү. Тикелей инвестициянын көлөмү болсо 40 пайызга жетти. Мындай чаралар эч кандай таасир бербейт дегендер менен макул эмеспиз. Эгер ушундай аракет менен жүрсөк белгиленген чаралар аткарылат. Мындай көрсөткүч менен КМШдагы эч бир өлкө мактана албайт.

Президент болсо мындай ишеним курч кырдаалдын түзүлбөшүнө кепил болуп бере албайт деп, анализ жүргүзүп, ички резервдерди таппай жаткан өкмөттүн ишине катуу нааразы:

- Мен муну силерге жыл башында айткам, азыр дагы бир эскертем:быйыл экономикада катуу кыйынчылык болот. Айрыкча, үчүнчү-төртүнчү кварталда кыйын болот. А эмне жасалды? Кайра эле фактыларды санап олтурасыңар. Мунун ордуна президент январь айында койгон милдеттерди аткарыш керек болчу. Эмне үчүн ички анализ жасалбайт? Күйүүчү майдын күн сайын кымбаттап жаткандыгы эмне үчүн эч кимди кейитип койбойт? Албетте, силер өз чөнтөгүңөрдөн бензин куйбайсыңар да! Азык-түлүктүн баасы да жума сайын өсүп жатат. Эмне үчүн ал эч кимди ойлонтпойт? Баарын дүйнөлүк баанын өсүшүнө шылтап коюп олтурабыз!

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркүлов президенттин минтип түс кайрыганынан эч нерсе чыкпайт, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев президент талапты кечигип койду деген ойдо:

- Президент ачуусу келип айтып жатат. Бирок, негизги маңызы акыркы 3 жылдагы экономикалык саясаттын туура эместигинен жана экономикалык туруксуздук менен менчикти кайра бөлүштүрүүдөн келип чыкты.

Академик Жамин Акималиев да азык-түлүк кризисинин түзүлүшүнө мамлекеттин эмес, жеке кызыкчылыкты көздөгөн саясат башкы себеп болду деп, ага бир кезде 40 миң гектар жерге айдалган кант кызылчасынан гектарына 400 центнерден түшүм алып, аны кайра иштеткен тармактын колдон чыккандыгын мисалга тартты:

- Быйыл кыйын болсо 15 миң тонна кант кызылчасын алган турабыз. Буга башкы күнөөкөр өкмөт менен Айыл чарба министрлиги. Эки кант заводдун ээси элди кыйнап туруп алса, ага макул болуп, маселени президентке билдирбестен монополисттердин тилин алып, өзүбүздүн элди кант менен камсыз кылбай тээтиги Аргентинадан камыш кант алып келип, аны кайра иштетип зыянга туш келип жатабыз. Мында дүйнөлүк баанын себеби жок, буга өзүбүз гана күнөөлүүбүз.

XS
SM
MD
LG