Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

“АДЕПСИЗ БЛОГГЕР” КОЛУ-БУТУН, АТҮГҮЛ ӨМҮРҮН ТОБОКЕЛГЕ САЛАТ


Амирбек Усманов, Прага Иранда куралдуу каракчылык кылуу, жемсөөлүк, сойкулук, маң аткезчилиги жана аял зордуктоо өтө чоң күнөө эсептелип, андай кылмышкер өлүм жазасына чейин тартылат. Парламент «Коомдогу адеп-ахлак коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алса, катаал жаза адепсиз сайтарды ачкан интернет журналисттер менен блоггерлерге да колдонулчу болот. Ирандык интернет журналисттер менен укук коргоочулар мындай мыйзамды - сөз эркиндигин жана интернет менен маалымат жайылтууну чектөө аракети катары баалашууда.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорун Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму «өтө коркунучтуу» документ деп атады.

«Коомдогу адеп- ахлак коопсуздугун» камсыздоого багытталган мыйзамды Иран парлементи ай башында биринчи окууда бекиткен. Ал боюнча, «ыймансыз» блок менен сайттарды ачуу сойкулук кылууга, маң аткезчилигине, куралдуу каракчылыкка, жемсөөлүккө теңелип, өтө оор кылмыш эсептелет. Андай кылмыш жасаган адамдардын оң колу жана солу кесилип, атүгүл дарга алышы мүмкүн.

Блоггерликти жана интернет- журналистиканы чоң кылмышка теңеген мыйзамды парламент менен Камкордук кеңеши бекитсе эле күчүнө кирет.

Жаңы мыйзам долбоорун адам укугун коргоочулар менен интернет -журналисттер бийликтин сөз эркиндигине каршы кезектеги жортуулу деп санашат. Мохаммед Сайифзаде-Тегерандагы Адам укугун коргоочу борбордун адвокаты. Анын пикиринче, мыйзам жаштар арасындаи өтө популярдуу болуп бараткан блоггерликти ооздуктоону көздөйт:

- Мыйзам долбоору блоггерлерге каршы багытталып, аларга блог жаздырбоону көздөйт. Бизде блогго каршы эч кандай мыйзам жок болгондуктан, бийликтер катаал чара колдонуу үчүн «блоггерлик» деген сөздү оор кылмыштардын тизмесине кошуп коюшту.

Иранда көптөгөн саясый сайтарга, көз карандысыз жаңылыктар сайттарына, атүгүл музыкалык сайттарга тыйуу салынган. Бийлик «ыймансыз сайттарга» гана бөгөт коюлган дегени менен, “MySpace”же ”Facebook” сыяктуу популярдуу сайттарга кирип болбойт. Интернет да өтө жай иштейт. Байкоочулардын айтымында, маалыматты чектөө үчүн интернет байланыш атайын жай иштетилип коюлган.

Укук коргоочулар менен эксперттер жаңы мыйзам кабыл алынса, Иранда жогорку жазага тартылгандардын саны дагы көбөйөт деп кооптонушат. Былтыр өлкөдө 317 адам өлүм жазасына тартылганы маалымд.

Баса, Тегеран соту 2005-жылы Можтаба Саминежад деген блоггерди «пайгамбарды шылдыңдады» деп өлүмгө өкүм кылып, бирок кийин акталат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG