Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:01

ОБАМА АКШнын КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨР МЕНЕН ЧОГУУ ЧЕЧЕТ


Амирбек Усманов, Прага АКШ президенттигине талапкер Барак Обаманын 19-июлда Ооганстанда башталган чет элдик сапары ишемби күнү Британияда аяктады. Обама Лондондо сүйлөгөн жыйынтыктоочу сөзүндө олуттуу дүйнөлүк проблемаларды чечүүдө, анын ичинде Ирак жана Ооганстанда тынчтык орнотууда транс-атлантикалык кызматташуу өтө маанилүү экенине көңүл бурду. Иллинойстук сенатор бир жумалык сапары учурунда Ооганстан, Жакынкы Чыгыш, Германия, Францияда да болду.

Барак Обама Лондондо сапар карытып жатып, Ооганстан, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүн кыдыруу зарылдыгын америкалыктарды түйүшүккө салган көйгөйлөрдү көп учурда чет элдик өнөктөштөр менен чогуу чечкен оңдуу экени менен түшүндүрдү:

-Тыш өлкөлөрдө кубаттуу өнөктөштөрүбүз болмоюнча, көптөгөн ички көйгөйлөрүбүз чечилбейт деп ойлом. Ирак жана Ооганстанда ийгиликке жетмейинче, коопсуздугубуз да жакшырбайт, олчойгон чыгымдар да азайбайт.

Демократ-талапкер Барак Обама эгер ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңсе, 16 ай аралыгында америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетээрин айтты. Бул ой Ирактын премьер-министри Нур Малики тарабынан колдоо тапты.

Ирактан чыгарылчу аскерлер Ооганстанга жөнөтүлүш керек деген Обама согуштун жүгүн башка да өлкөлөр АКШ менен тең көтөрүш керек деп ишенет. Анын оюнча, Ооганстандын инфраструктурасын кайра курууга бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланган да маанилүү:

-Биз ресурстарды көбөйтүү менен бирге алардын аскерий, экономикалык жана социалдык жактан натыйжалуу пайдалануусу үчүн ишти координациялоого тийишпиз. Бул акыркы беш-алты жылдын тажрыйбасынан оң сабак алышууга тийишпиз. Ошондон соң ишти чапчаң бүткөрүүгө аракеттенсек болот.

Барак Обама Британ жетекчилиги менен аба ырайынын өзгөрүүсү, терроризм жана финансы базарындагы кырдаалды да талкуулады.

Байкоочулардын баамында, Обаманын Лондондогу сапары Берлиндегидей шаңдуу өтпөдү. Обама Берлинде 200 миңдей адамдын алдында тышкы саясат боюнча сөз сүйлөгөн. Парижде жүргөндө Иранды «күмөндүү өзөктүк программасынан» баш тартууга чакырып, АКШнын жаңы президентин күтпөстөн эле Батыш менен араздашуусун жөндөп алуусу зарыл деди.

Америкалык маалымат каражаттары Обманын бир жумалык сапары, иллинойстук сенатордун эл аралык саясаттан жакшы кабардар экенине шайлоочуларды ишендиргенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG