Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Ч.ОРОЗОБЕКОВА: СОТТОР ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАГАЛДАНЫП ЖАТЫШАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Бүгүн “Де-факто” гезитине байланыштуу козголгон кылмыш иши Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан каралмакчы. Буга байланыштуу “Азаттык” басылманын башкы редактору Чолпон Орозобекованы таңкы маекке чакырган.

- Чолпон айым, саламатсызбы? Бүгүнкү боло турган сот иши тууралуу сизге расмий түрдө алдын ала кабарланбаганы айтылууда. Мунун себебин эмнеде деп ойлойсуз?

- “Де-факто” гезитинин айланасындагы окуялар мыйзам бузуу, зөөкүрлүк менен башталган. Эми бүгүнкү боло турган сот ишине да бизди чыкырбагандыгынын бир себеби ушунда деп ойлойм. “Келсең кел, келбесең кой”, дегендей тоотпостук мамиле жасап аткандыгы. Бирок эч нерсеге карабай бүгүн биз адвокат экөөбүз сотко барып катышабыз.

- Салык инспекциясындагы коррупция тууралуу макаланын гезитке жарыяланышына бийлик өзү кызыкдар болуп, өзү уюштурган деген пикирлер айтылууда. Сиз кандай болжолдоп жатасыз?

- Бул макала чыккандан кийинки бийликтин оперативдүүлүгү мени да таң калтырды. Мындай коррупция жок, макаланын автору болгон Замира Молдоева деген аял деги эле жер жүзүндө жок деп чыгышты. Мага айрым саясатчылар бул деген атайын жасалган иш, деп айтышса, маани бербеген элем, бирок ушуга азыр өзүм ишенип отурам.

- Салык инспекциясындагы коррупцияга байланыштуу чуулуу макалага чейин эле президенттин инисинин ар-намысы үчүн деп, Биринчи май райондук соту “Де-факто” басылмасына 1 млн сом айып пул салган эле. Буга байланыштуу иш эмне болуп жатат?

- Бул чечимди чыгарууда соттор бийликке, президентке өтө жагалданууларын көрсөтүштү. Доогер тарап 1 млн сом сураса, 1 тыйын кемитпей чечим чыгарып берди. Мындай нерсе соттун тарыхында болбоптур. Мына жакында эле бийликчил “Агым” гезитин сотко берип, 2 млн. доллар өндүрүп берүүнү өтүнгөн саясатчы Аликбек Жекшенкуловго сот 25 миң сом гана өндүрүлсүн деген чечим чыгарып бербедиби. “Агым” гезити бийликчил гезит, биздин гезит оппозициялык маанайдагы басылма, мына ушул жерден эле айырмасы көрүнүп турат.

- Гезит тегерегинде болуп жаткан ушундай ызы-чуулуу окуяларга байланыштуу коомчулук сөз эркиндигине кысым болуп жатат, деп баалоодо. Сиз өзүңүз кандай баа бере аласыз?

- Жаныш Бакиевдин уулунун арызы боюнча бизге 1 млн. сом салынганда биз “Бакиевдерге жардам” деген акция менен угармандардан 1 сомдон чогултуп баштаганбыз. Бул акция жер-жерлерге да жайылып атты эле, Бакиевдер мына ушуну кечире албай атышат. Экинчиден азыр бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарын түрдүү жолдор менен бир колго чогултууга аракет болууда. Мындан тышкары жакында бийлик медиахолдинг түзүүнү көздөп жатат, деген маалыматтар бар.

- Август айынан баштап “Де-факто” гезити кайрадан окурмандардын колуна тиет, деп айтылды эле. Бул канчалык деңгээлде ишке ашуусу ыктымал?

- Колдон келишинче аракет кылабыз. Биздин жамаатта он беш киши иштейт, он бешибиз тең гезитти калыбына келтирүүгө тикебизден тик турабыз. Бирок мамлекеттик машина деген чоң нерсе, өтө эле катуу кетип атышат. Ошого карабай 20-августтан тартып гезитти чыгарууга киришебиз.

- Чолпон айым, сизге чоң рахмат!

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG