Түркиянын коопсуздук кызматынын маалыматына караганда Стамбулдун Гүнгөрен районундагы таштанды челекке катылган бомбадан болгон. Биринчи жардыруу тегеректи кыйраткан менен адамдар зыян болгон эмес. Бирок болжол менен он минуттан кийин жардыруу болгон жерге эл чогулуп калганда ага жакын эле жерде экинчи жардыруу болгон. Стамбулдун губернатору Муаммер Гүлердин айтымында, дал ушул экинчи жардыруу 16 адамды өлтүрүп, 150 чактысын жарадар кылды.
Бийлик өкүлдөрү Стамбулда болгон жардыруулар террордук кол салуу экендигинен эч күмөн санашапайт, бирок кимдин колунан келген кыянатчылык экенин азыр айта алышпайт. Мындан мурда Стамбулда болгон жардыруулар үчүн күрддөрдүн жикчил Жумушчу партиясын жана исламчыл экстремисттерди айыпташкан эле.
Стамбулдагы саясат талдоочу Хашем Косрошахи бүгүн Фарда радиосуна айткан сөзүндө, кол салуулар ким жасагандыгы жөнүндө бир жактуу бүтүм чыгарууга али эрте деп билдирди. Анын баамында, Түркияда кырдаалды солкулдаткысы келген ар кандай топтор толтура:
«Айрымдар бул кол салуулар күрд жикчилдеринин колунан келди деп ойлоп атышат. Башкалары бул жерде чет элдик күчтөр аралашкан деп эсептешет."-
Жардыруулар Конституциялык Сот бийликте турган Ак партиянын ишин токтотуу жөнүндөгү маселени карап баштардын так алдында болуп жатканы көп ойлорго түртүүдө. Анкарада Конституциялык Сот Башкы прокуратуранын премьер-министр Эрдогандын партиясын өлкөнү лайык жолдон чыгарып жатат деп айыптаган арызын кароого киришти. Эгер Конституциялык Сот АК партияны чындап эле өлкөнү исламдаштыруу аракетинде Конституциянын негиздерине шек келтирди деп тапса, анда Эрдоган партиясы менен ээрден кулашы толук ыктымал.
Мындан бир жыл мурдагы парламенттик шайлоодо чечкиндүү жеңип чыккан Эрдогандын партиясы ошентп азыр кыйчалыш абалда турат. Бирок саясат талдоочулар АК партиянын да коргонуу дарамети чоң, ошондуктан оңой менен алдырбайт деп да жатышат.
Анкарадагы Жакынкы Чыгыш Техникалык университетинин саясат иликтеген профессору Хусейин Басгынын баамында кризис Эрдогандын партиясына тыюу салууга чейин жетпейт.
"Партияны жабууга чейин барышпайт деп ойлойм. Бирок бир аз каржылык айып салынат болушу керек. Ошол эле учурда айрым бир саясий ишмерлерге бир нече жыл саясатка катышканга тыюу салынышы да мүмкүн»,-деди Хусейин Басгы.
Ошентсе да Түркия бийликте турган партияны сот таратып жибериши мүмкүн деген түпөйүл саясий санаанын кучагында турат. Бир жагында бийликти кулатуу максатында кутум уюштурууга аракет кылган деп бир катар таасирлүү топ башчыларын кошуп 86 адамды кармап камаган укук коргоо органдары тергеп-тескөөнү улантууда. Ошол эле учурда Түркиянын аскер күчтөрү түштүк-чыгышта күрд жикчилдерине каршы согуштук операцияларын жүргүзүүдө. Өткөн жекшембиде эле Түркиянын аба күчтөрү Ирак менен Ирандын чек арасына жакын жерде күрддөрдүн 12 аскердик позициясына абаддан сокку урушкан болчу.