Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

“ДЕ-ФАКТО” ЖАЛПЫ 3 МИЛЛИОНГО ЖЫГЫЛДЫ, ГЕЗИТ ЖАРДЫН КЫРЫНДА


28-июлда Биринчи май райондук соту “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова менен “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатовго каршы козголгон кылмыш ишин кайра тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурага кайтарды. Ушул эле күнү “Де-факто” гезитине жарандык негизиндеги эки арызга ылайык Биринчи май райондук соту тарабынан 2 миллион сом айып салынгандыгы маалымдалды. Июнь айынын ортосунда Бишкек шаардык прокуратура “Де-факто” гезит атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен кылмыш ишин козгогон болчу.

Аталган кылмыш ишин кайра тергөөгө Биринчи май райондук соту “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекованын адвокаты Нина Зотованын сунушунун негизинде жөнөттү. Зотованын пикиринде, кылмыш ишин козгоого негиз берген гезиттеги материалдын автору Замира Молдоеваны издеп табууга тергөө убагында жетиштүү аракеттер көрүлгөн жок. Тергөө аныктагандай, гезитке жарыяланган материал жана анын автору атайын ойлонуп табылган эмес, гезиттик материалдын реалдуу автору бар деп эсептейт Зотова.

“Де-факто” гезити президент Курманбек Бакиевдин дарегине Замира Молдоева аттуу жаран кол койгон кайрылууну баскан. Катты редакциялоого жардам бергендиги тууралуу “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатов билдирген. Катта бир катар мамлекеттик кызматкерлер коррупциялык ишке аралашкандыгы, Бишкек салык инспекциясынын башчысы Таалайбек Далбаев аларды калкалап келаткандыгы тууралуу маалымат жазылган. Анын негизинде Бишкек шаар прокуратурасы козгогон кылмыш ишин Свердлов райондук ички иштер кызматы тергеген болчу.

Гезиттин баш редактору Чолпон Орозобекова “Азаттыкка” берген интервьюсунда териштирүүлөрдү “Де-фактонун” бийликке ыңгайсыздык түзүп жаткандыгы менен байланыштырды:

- Бул макала чыккандан кийинки бийликтин оперативдүүлүгү мени да таң калтырды. Мындай коррупция жок, макаланын автору болгон Замира Молдоева деген аял деги эле жер жүзүндө жок деп чыгышты. Мага айрым саясатчылар бул деген атайын жасалган иш, деп айтышса, маани бербеген элем, бирок ушуга азыр өзүм ишенип отурам.

Биринчи май райондук соту ушул эле материалга карата берилген жарандык эки арыздын негизинде гезитти 2 миллион сом доого жыкты. Сотко арыздарды гезитте ысымдары келтирилген Бишкек салык инспекциясынын башчысы Таалайбек Далбаев менен айыл чарба министри Арстанбек Ногоев жолдошкон. Бирок, сот чечими доогер тараптын катышуусуз, бир тараптуу кабыл алынган. Адвокат Нина Зотова муну мыйзамсыз деп эсептеп, апелляциялык арыз даярдап жаткандыгын билдирди:

- Тилекке каршы биздин республикада эки түрдүү кишилер бар. Алар бийик даражалуулар жана бийик даражага татыбагандар. Бийик даражалуулардын кызыкчылыгына келгенде мыйзам бузула берет, беркилерге келгенде маселе башкача каралат.

Биринчи май райондук соту буга чейин да гезитке 1 миллион сом айып салганы белгилүү. Буга президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганынын “гезит беделиме доо кетирди” деп берген арызы негиз берген. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев гезиттин мындай жагдайга кирептер болушун, гезиттин өзүнүн катачылыгы катары санап, бул журналисттерге сабак болушу керек дейт:

- Мен муну эч кандай кысым деп айта албайм. Газетанын кемчилиги – макаланы текшербей, ийне-жибине чейин аныктабай басып жиберген. Анан эми бул бардыгыбызга ачуу сабак болушу керек да.

Анткен менен, гезитке жан тарткан байкоочулар, адистер бийлик “Де-фактого” катаал чараларды колдонуп жатат дешүүдө. “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова соттук териштирүүлөрдү гезитти жабуу аракети катары баалады:

- Соттук териштирүү газетаны жабууга багытталып калганы көрүнүп турат. Көзкарандысыз гезиттер таптакыр жок болуп бараткандыгы - өкүнүчтүү.

Ошентип, “Де-факто” гезитине байланышкан кылмыштык жана жарандык негиздеги соттук териштирүүлөр качан аяктаары, жагдай кайсы нукка бурулаары азырынча белгисиз бойдон турат. Бул багытта айыптоочу тарап да, тергөөчү тарап да маалымат беришкен жери жок. Гезит өзү болсо өзүнө жайкы эс алуу жарыялаган. Бир жылдан ашык убакыттан бери чыгып келаткан бул көз карандысыз гезиттин апталык нускасы 27 миңди түзөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG