Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

29-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстанга келген Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Миндин сапары 1959-жылдын 28-июлунда соңуна чыкты. «Маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана келечек» проблемасына арналган эларалык конференция 2004-жылдын 29-июль күнү Бишкек шаарында ишин баштады.

Коммунисттик партиянын Орто Азия бюросунун Борбордук комитети 1925-жылдын 29-июлунда кыргыз саясатчыларына байланыштуу чечим кабыл алган. Партиялык чечимде Абдыкерим Сыдыковдун буга чейин үч ирээт партия катарынан чыгарылгандыгы айтылат.

Орто Азия бюросунун Борбордук комитети А. Сыдыковду партия катарын бузган аракети аныкталды деп, анын мындан ары партия катарына кабыл алыныш мүмкүнчүлүгү соңуна чыккандыгын белгилеген. Орто Азия бюросу «Ишенаалы Арабаевди жикчил саясат жүргүзгөндүктөн партия катарына кабыл алыш мүмкүн эмес, бирок советтик кызматта пайдаланса болот» деген чечим чыгарган. Мындан тышкаары, Орто Азия бюросунун Борбордук комитети бир канча кыргызстандык жооптуу кызматчыларга сөгүш жарыялаган.

Кыргызстандагы поляк патриотторунун лидери Виктор Конопко 1944-жылдын 29-июлунда Лондондо уюшулган Польша өкмөтүнө каршы пикирин билдирди. «Биз Лондондогу профашисттик өкмөткө каршыбыз. Кыргызстандык поляктар «Катынь өч алуучулары» аталган танк колоннасы үчүн 160 миң рубль акча чогултканбыз», деген билдирүүсү Кыргыз телеграф агенттигине жарыяланган.

Кыргызстанга келген Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Миндин визит 1959-жылдын 28-июлунда соңуна чыкты. Кыргызстан үчүн ошол убакта сейрек конок эсептелген Вьетнам коммунистеринин лидерине шаардын маданий борбору, «Алатоо асыл тукум» пародасындагы ири мүйүздүү малды жетиштирген «Стрельникова» атындагы чарба көрсөтүлгөн.

Кыргыз көркөм өнөрү 2003-жылдын 29-июлунда оор жоготууга учурады. Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев 71 жашында бул күнү дүйнөдөн кайтты. Б. Өмүралиев Жумгал районуна караштуу Жаңы арык айылында 1932-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Ташкендеги Островский атындагы театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, «Кыргызфильм» киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеп, Кыргызстан жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аркалаган. Б. Өмүралиевдин «Тагдырдын өгөй балдары», «Жаңырык», «Ата сөзү-ар намыс» жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргызстандагы бардык театрларда коюлган.

«Маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана келечек» проблемасына арналган эларалык конференция 2004-жылдын 29-июль күнү Бишкек шаарында ишин баштады. «Сорос фонду», «Трансперенси интернешнл» жана «Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин» катчылыгы тарабынан уюштурулган конференцияда маалымат каражаттарынын, коомчулуктун маалымат алуу мүмкүнчүлүгү талкууга алынган.

Россия Федерациясынын Генералдык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон Борис Березовскийдин 2006-жылдын 29-июль күнү Кыргызстанга жашыруун келип-кетиши коомчулуктун бүйүрүн кызытып, саясий чөйрөгө бүлүк эле салбастан, Россия менен Кыргызстан арасын ача жаздаганы маалым. Качкын олигархтын тымызын визитин кыргызстандык оппозиция бийликке каршы акыркы аргумент катары колдонсо, бийлик «Б. Березовский келген жок, көргөн жокмун» деп чычая чычалады. Анткен менен Россия Федерациясынын Генералдык прокуратурасы Борис Березовский жеке самолету менен Платон Елевин ысмына жамынып 2006-жылдын 29-июль күнү Бишкекке келгендигин тастыктаган.
XS
SM
MD
LG